ОГПИДЕ Ч.АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ЖУМАЛЫК ӨТҮП ЖАТАТ

  • 29.03.2018
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган бир жумалыктын алкагында түрдүү иш-чаралар өтүп жатат. Жумалыктын алкагында «Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң» аттуу адабий кечеси уюштурулду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы кабарлады.

Иш-чарада Айтматовдун «Саманчынын жолу», «Эрте келген турналар», «Кызыл алма», «Кылым карытар бир күн» сыяктуу чыгармаларынан кыска эпизоддор англис тилинде көрүүчүлөргө тартууланды. Мындан тышкары жазуучунун өмүр-чыгармачылыгын чагылдырган  студенттердин колунан жаралган сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, Айтматовдун документалдуу фильмдери студенттерге тартууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер