ОГПИ ЖАНА ШГПУ КЫЗМАТТАШТЫГЫ ЗАМАНБАП БИЛИМ БЕРҮҮГӨ КАРАЙ…

  • 17.12.2020
  • 0

Ош облусундагы билим берүү мекемелеринин башталгыч билим берүү жана орус тилчи мугалимдер орус тилин окутуунун жаңы усулдарын үйрөнүшүүдө.

Россиянын Шадринск мамлекеттик педагогикалык университети менен Ош гуманитардык-педагогикалык институту “Орус тилин өркүндөтүү” боюнча долбоорунун үстүндө бир топ жылдан бери биргеликте иш алып барып келет.

 

Долбоордун  планына ылайык ШГПУдан келген өкүлдөр п.и.к.,доцент Е.И.Елизова жана маданият таануу илимдеринин кандидаты, доцент Н.Ю.Ланцевская ОГПИнин Эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти  менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 15-18-декабрь күндөрү ОГПИде жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда семинар өтүштү.

Аталган семинарга аймактардагы билим берүү мекемелеринин башталгыч билим берүү жана орус тилчи мугалимдери катышып, окутуунун бир топ таасирдүү усулдары, тилди оозеки жана жазуу түрүндө окутуу, чет тилдеринин актуалдуулугу жана мугалимдик кесиптин жоопкерчиликтери боюнча кеңири маалыматтарга ээ боло алышты. Жыйынтыгында жалпы катышуучуларга өз билим жогорулатуу боюнча тастыктама сертификаттар ыйгарылды.

Белгилей кетсек Ош гуманитардык-педагогикалык институту билим берүү тармагында көп тилдүүлүк программасынын негизинде бир топ иштерди жөнгө салып келүүдө. Бул  аркылуу окуу жайдын эл аралык байланыштары күчөп, окутуучулардын жана студенттердин, ошондой эле усулдук колдоо катары жалпы орто билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин да интеллектуалдык потенциалынын жогорулашына, тажрыйба алмашууларына түрткү болууда.  Анын негизинде институтта даярдалып жаткан педагогикалык адистиктеринин талаптарына ылайык Россиянын бир топ жогорку окуу жайлары менен болгон мамиле бекемделип, өз ара билимдерди өркүндөтүү боюнча иштер аткарылып жатат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер