ОГПИ  — МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТ СТАТУСУНА ЭЭ БОЛДУ

  • 27.04.2021
  • 0

26-апрелде Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда окуу жайдын жаңы аталышын ачууга арналган салтанаттуу кече болуп өттү. Иш-чарага билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы  Жапаркул Ташиев, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурумбетов, Оштогу окуу жайлардын жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышты.

ОГПИ  - МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТ СТАТУСУНА ЭЭ БОЛДУ

Алгач конокторго университет боюнча даярдалган тарыхый фильм көрсөтүлүп, окуу жай тууралуу маалымат берилди. Ал эми окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев расмий түрдө ачылышын жасап, жамаатты жетекчиликтин атынан куттуктап, бул жетишкендиктер жалпы эмгек жамаатынын ак эмгегинин үзүрү экенин баса белгиледи.

ОГПИ  - МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТ СТАТУСУНА ЭЭ БОЛДУ

Ошондой эле статс-катчы Ж.Ташиев Билим берүү жана илим министрилигинин жана  Юстиция министрлигинин Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун аты “Ош мамлекеттик педагогикалык университети” болуп өзгөргөнү тууралуу чыккан буйрук жана мамлекеттик каттоо сертификаты менен тааныштырды. Муну менен бирге жалпы эмгек жамаатты мекеменин жаңы аталышка ээ болушу менен министрликтин атынан куттуктап, ийгилик каалады.

ОГПИ  - МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТ СТАТУСУНА ЭЭ БОЛДУ

Белгилей кетсек, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ишин оптимизациялоо боюнча КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 368\1 буругуна ылайык аталган институтка “Ош мамлекеттик педагогикалык университети” статусу ыйгарылган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер