БИЛИМ ЖАРЫШЫ: РЕСПУБЛИКАЛЫК эТАПКА ЖОЛДОМО АЛГАНДАР АНЫКТАЛДЫ

  • 02.03.2026
  • 0

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын III этабы жыйынтыкталды.

БИЛИМ ЖАРЫШЫ: РЕСПУБЛИКАЛЫК эТАПКА ЖОЛДОМО АЛГАНДАР АНЫКТАЛДЫ

Бишкек шаары

Окуучулардын республикалык (шаардык) олимпиадасынын III этабына борбор шаардын билим берүү уюмдарынан 145 окуучу катышты.

Олимпиада 11 предмет боюнча эки турда өткөрүлдү: И.Раззаков атындагы КМТУ (математика, физика, химия), Б.Ельцин атындагы КРСУ (информатика),  жана №67 ЖББМнин базасында  (кыргыз тили  жана адабияты, орус тили жана адабияты, тарых,  география, биология, англис тили).

БИЛИМ ЖАРЫШЫ: РЕСПУБЛИКАЛЫК эТАПКА ЖОЛДОМО АЛГАНДАР АНЫКТАЛДЫ

 

— Калыстар тобунун курамына беш ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү, борбордук мектептердин алдыңкы мугалимдери, ошондой эле БУОББ дун (ЦООМО) өкүлдөрү чакырылган. Шаардык олимпиаданын жеңүүчүлөрү 56 окуучу болушту, анын ичинен: 1-орунду 22 окуучу, 2-орунду 19 окуучу, 3-орунду 15 окуучу ээлешти. Мектептердин арасынан көбүрөөк орун алгандардан жеке мектептер жана Бишкек шаарынын муниципалдык мектептердин ичинен: №61, №67, №6, №11, №13, №18, №23, №29, №70, №50, №58, №65, №78, №102 жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары байгелүү орундарды ээлешти, — дейт департаменттин башчысы Рахат Мусаева.

БИЛИМ ЖАРЫШЫ: РЕСПУБЛИКАЛЫК эТАПКА ЖОЛДОМО АЛГАНДАР АНЫКТАЛДЫ

БИЛИМ ЖАРЫШЫ: РЕСПУБЛИКАЛЫК эТАПКА ЖОЛДОМО АЛГАНДАР АНЫКТАЛДЫ

Ошентип, III этапта  1-2-орунду ээлеген  40 окуучу 2026-жылдын 27-28-март айында өтүүчү  окуучулардын республикалык олимпиадасынын IV этабына катышат.

Баткен шаары

Олимпиадада Баткен шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринен 13 окуучу 30 пайыздык көрсөткүчтөн өтүп, 1-2-3-орундарды камсыз кылышты. Алсак, Баткен облустук жалпы билим берүү жатак мектеби -7 окуучу, Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүү мектеби — 2 окуучу, В.И.Ленин атындагы жалпы билим берүү мектеби — 2 окуучу, «Тэнсай-багыт» билим берүү комплекси — 2 окуучу. Алардын ичинен 1-2-орунду камсыз кылган  8 окуучу олимпиаданын республикалык этабына жолдомо алышты.

Жалпы командалык упай боюнча облуста Баткен шаарынын көрсөткүчү 2-орун болду.

Нарын облусу

Окуучулардын предметтик олимпиадасынын облустук III туру Нарын шаарындагы  М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин базасында  Билим берүүнү баалоо жана окутуунун методдору борбору (ЦООМО) тарабынан  өткөрүлдү.

— Олимпиадага катышууга Ак-Талаа районунан — 24 , Ат-Башы районунан — 26, Жумгал районунан — 17, Кочкор районунан – 21, Нарын шаары менен Нарын районунан – 27, жалпы 115 окуучуга  өтүнмө келип түшкөн. Ар кандай себептер менен  Жумгал районунан -1, Кочкор районунан -1 окуучу катышкан жок. Жалпы 113 окуучу катышты. Олимпиада 2 тур менен өткөрүлдү. Жыйынтыгында 1-орунду Кочкор району, 2-орунду – Ат-Башы району, 3-орунду   Ак-Талаа району, 4-орунду М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 5-орунду Нарын шаары/району, 6-орунду “Билимкана-Нарын” мектеби, 7-орунду Жумгал району камсыз кылышты, — дейт облустук билим берүү методикалык борборунун жетекчиси О. Солтогулов.

Олимпиаданын жыйынтыктары чыгарылган протоколдор илингенден кийин 1-турда 7, 2-турда 19 окуучудан апелляциялык арыздар түшүп, аны атайын комиссия тарабынан каралып, туура чечимдер чыгарылып берилди.

Жыйынтыгында Нарын облусунун билим берүүнүн методикалык борбору тарабынан  1-2-3-орунду камсыз кылган окуучуларга дипломдор, мугалимдерге  Ардак  грамоталар тапшырылып, 27 окуучуга  республикалык IV турга катышууга жолдомо берилди.

Ош облусу

Ош билим берүү институтунун директору С.Аматовдун берген маалыматына таянсак, 2025-2026-окуу жылында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругуна ылайык, мектеп окуучуларынын облустук олимпиадасы 2026-жылдын  27-28-февраль  күндөрү Ош шаарындагы облустук У.Салиева атындагы жатак-мектебинде  өткөрүлдү.

— Жалпысынан олимпиадага 7 райондон 230 окуучу 11 предметтен                       17 багыт боюнча катышты. Предметтер боюнча: кыргыз тили жана адабиятынан 29 окуучу, орус тили жана адабияты 35 окуучу, англис тилинен 28 окуучу, математикадан 28 окуучу, физикадан 23 окуучу, химиядан 20  окуучу, биологиядан 18 окуучу, географиядан 17 окуучу,  тарыхтан 18 окуучу, информатикадан 14 окуучу. Мектеп окуучулардын облустук олимпиадасын өткөрүү үчүн класстык кааналар даярдалып, керектүү жабдыктар менен камсыздалды. Олимпиадалык тапшырмалар 27-28-февраль күндөрү 08.30да Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлдөрү, администраторлор, олимпиаданын уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, калыстар жана байкоочулар тарабынан ачылып, ар бир предмет боюнча таркатылып берилди. Олимпиаданын калыстар тобунун курамы Ош билим берүү институтунун, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин, Ош мамлекеттик  педагогикалык университетинин окутуучуларынан  жана Ош шаарынын  мектептеринин мугалимдеринен  түзүлдү. Ош технологиялык университетинин 22 студенти волонтердук милдетти аткарып беришти. Олимпиаданын жүрүшүндө  катышуучулардын түрдүү транспорттук кырсыктардан, коомдук тартипти бузуулардан сактоо эң маанилүү экендигин эске алуу менен олимпиада өтүп жаткан мезгилде Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тартипти такай көзөмөлдөштү. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү олимпиаданын жүрүшүн жергиликтүү жана республикалык деңгээлде чагылдырышты, — дейт жетекчи.

Уюштуруу комитетинин жана окутуу усулдары борборунун өкүлдөрүнүн биргелешкен актысы менен 3 окуучу (информатика, математика (базалык негизде окутулган класстар үчүн), Кыргыз тили жана адабияты (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн) уюлдук телефондорду колдонгондугу үчүн олимпиададан четтетилди. Олимпиаданын 1-күнү 26 окуучу, 2-күнү 52 окуучу аппеляцияга кирип, тиешелүү суроолоруна жоопторду алышты.

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын III  баскычынын жыйынтыгы боюнча 31 окуучу жеңүүчү деп табылды. Анын ичинен: Алай районунан 3, Араван районунан 3, Кара-Суу районунан 13, Кара-Кулжа районунан 2, Ноокат районунан 4, Өзгөн районунан 4, Чоң-Алай районунан 2 окуучу жолдомо алып, республикалык олимпиаданын  IV баскычына катышуу укугун алышты.

 Талас облусу

Олимпиаданын облустук туру ийгиликтүү жыйынтыкталды. III турга Талас облусу боюнча жалпы 120 окуучу катышып, өз билим деңгээлин сынап көрүштү.

БИЛИМ ЖАРЫШЫ: РЕСПУБЛИКАЛЫК эТАПКА ЖОЛДОМО АЛГАНДАР АНЫКТАЛДЫ

— Талас райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнөн – 28 окуучу, анын ичинен: Талас шаарынан – 10 окуучу, Талас районунан – 4 окуучу; “Сапат” Эл аралык билим берүү “Мээрим” лицейинен – 5 окуучу, “Сапат” Эл аралык билим берүү “Манас-Ата” лицейинен – 7 окуучу, Талас облустук жатак-мектебинен – 1 окуучу, Билимкана-Талас мектеби – 1; Бакай-Ата районунан – 6 окуучу; Айтматов районунан – 12 окуучу жана Манас районунан – 8 окуучу, — дейт Талас облустук билим берүү борборунун директору С.Бейшенова.

Облустук турдун жыйынтыгында: 1-орун алгандар – 17 окуучу, 2-орун алгандар – 19 окуучу жана 3-орун алгандар – 18 окуучу. Жалпысынан 54 окуучу байгелүү орунга ээ болушту. Ошентип, анын ичинен 36 окуучу (1-2-орун алгандар) республикалык олимпиаданын 4-этабына катышууга жолдомо алышты.

БИЛИМ ЖАРЫШЫ: РЕСПУБЛИКАЛЫК эТАПКА ЖОЛДОМО АЛГАНДАР АНЫКТАЛДЫ

— 4-этапка катышуучулар райондор боюнча: Талас ш/р (Сапат лицейлер менен) – 21; Бакай-Ата районунан – 3; Айтматов районунан – 7 жана Манас районунан – 5 жалпы облус боюнча 1-2-орун алган 36 окуучу. Бул көрсөткүчтөр облус аймагындагы билим сапатынын жогорулап жатканын жана окуучулардын билимге болгон кызыгуусу артып жатканын айгинелейт, — дейт Салтанат Бейшенова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер