НУРСУЛТАН КУШТАРБЕК УУЛУНУН МЕКСИКАДАГЫ ЭКИНЧИ ЖЕҢИШИ

  • 27.02.2024
  • 0

НУРСУЛТАН КУШТАРБЕК УУЛУНУН МЕКСИКАДАГЫ ЭКИНЧИ ЖЕҢИШИ

24-февралда Мексика өлкөсүнүн Сьюдад-Хуарес шаарында эрежесиз эр таймаш жоокер өнөрү боюнча  MMA INTERNATIONAL FIGHTS GPC WORLD CHAMPIONSHIPS эл аралык турнири курч атаандаштык менен өттү. Мында Америка Кошмо Штаттарынын, Мексика, Испания жана  Кыргызстандын тандалган спортчулары күч сынашты. Кыргызстандын  намысын 66 килограмм салмак чен

бирдигинде коргогон «Аlay Team» клубунун өкүлү Нурсултан Куштарбек уулу мексикалык Луис Авиланы 45 секундда муунтуу ыкмасы менен жеңилүүгө аргасыз кылып, алтын медаль жана Чемпиондук курдун ээси болду.

Буга чейин Нурсултандын атаандашы мексикалык Луис Авила спорт сүйүүчүлөр арасында  5 беттеш өткөзүп, беш ирет жеңишке жетип, баш байгени ээлеп жүргөн.

-Бул жолку беттешүү  45 секундга гана созулду. Менин бир артыкчылыгым жиу-житсуда болгон тажрыйбам жана чеберчилигим болду. Себеби баарыбызга маалым болгондой Мексикада бокс спортту абдан өнүгүп, калкы бул спортко жакын келет. Атаандашымдын да урушуу стили бокс мушкердик болгондуктан, мен анын сокусунан буйтап кетип, шамдагайлык менен аны көтөрүп чаап, аркасына өтүп бара жатканда оңдою келип калып, үч бурчтук ыкмасы менен эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, муунтуп жеңилүүгө аргасыз кылдым. Бул менин Мексикадагы бул мелдештеги экинчи жеңишимди кыргыз элине, ата-энеме жана устатыма Самарбек Сабыржан уулуна арнаймын. Биринчи беттешти дагы ушундай муунту ыкмасы менен жеңип алгам, -деди намысты колдон чыгарбаган Нурсултан Куштарбек уулу.

Келечегинен үмүт жандырган 19 жаштагы Нурсултан спорт сүйүүчүлөр арасындагы эрежесиз эр таймаш жоокер өнөрү боюнча  MMA мелдештериндеги төртүнчү ири жеңиши. Эми кесипкөй спортчулар арасындагы эрежесиз эр таймаштарга катышып, өнөрүн көрсөтүүгө даярдык көрүп жүрөт.

Ошондой эле Нурсултан жаштар арасында грэпплинг боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байгелеринин ээси,  жиу-жутсунун комбат түрү боюнча Азия чемпиону,  эл аралык ири турнирлердин жеңүүчүсү болуп саналат.

 Мексикадагы MMA INTERNATIONAL FIGHTS GPC WORLD CHAMPIONSHIPS эл аралык эрежесиз эр таймаш турниринде Кыргызстандын намысын коргогон  Эламан Касыкеев (88 кг),Биймурза Тагайбек уулу(57 кг) жана Азирет Искаков (71 кг) дагы намыска жарап, атаандаштарын жеңип, баш байгелердин ээлери болушту.

Нурсултандын мындай ийгиликтерди  жаратып,  мелдештерге катышканына Кыргызстандын Жиу-Житсу федерациясынын президенти Сабыржан уулу Самарбек агайы түрткү берип, ар дайым колдоо көрсөтүп келатат.

Нурсултан учурда Бишкек шаарындагы “Алай Жиу-Житсу Академиясынын” залында өзү машыктыруучу болуп, жаштарга бул спорттун ыкмаларын үйрөтүп жатат. Анткени жарым жылдан ашуун убакыттан бери агайы Самарбек Сабыржан уулу Америка Кошмо Штаттарында болуп калды. Агайынын чакыруусу менен Америкадагы Лос-Анжелес шаарындагы дүйнөлүк Жиу-Житсу борборунда  машыгуу жыйындарына катышып, чеберчилигин жогорулатып турат.

Нурсултанга көбүнчө Самарбек агайы дем-күч, кеп-кенеш берет. Агайы “сен алгач ыймандуу, анан акылдуу жигит болушуң керек. Андан кийин гана чемпион болобуз” деп көп айтат.

Грэпплинг, эрежесиз эр таймашы жана Жиу-Житсуга келишинине Самарбек агайы себепкер болгон. Ал айылга күрөш боюнча мелдештерди уюштуруп барып турчу. Аны көрүп күрөшкө болгон Нурсултандын кызыгуусу арта баштаган. Агайын артынан ээрчип жүрүп, бул спортко  аралашып, ийгиликтерди жаратып, улам чеберчилиги артып келүүдө.

Нурсултан Куштарбек уулунун жараткан ийгиликтери:

2019-жылы Москва шаарында өткөн жаштар арасындагы Бразилия Жиу-Житсу боюнча дүйнө чемпионатында финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

2019-жылы Кыргызстанда өткөн Жиу-Житсунун Комбат күрөш түрүнөн Азия чемпиону аталып, алтын байгенин уткан.

2020-жылы грэпплинг боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону болгон.

 2021-жылы Орусиянын Уфа шаарында өткөн жаштар арасында грэпплинг боюнча Дүйнө чемпионатында  эки алтын медаль уткан. Баса белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында грэпплинг боюнча Дүйнө чемпионатында 2 алтын байге уткан бир дагы кыргызстандык спортчу болгон эмес. Ал  Дүйнө Чемпионатынын биринчи күнү NO-GI жана экинчи күнү GI версиясында биринчи орунду ээлеген. Эки түрдүн айырмасы: GI бул кимоно менен, NO-GI кимоносу жок таймаш болуп саналат.

2022-жылы Испаниянын Понтеведра шаарында өткөн Грепплинг боюнча дүйнө чемпионатында жаштар арасында коло байгенин ээси болгон.

2022-жылы АКШда өткөн (SJJIF) уюмунун дүйнө чемпионатынан кызгылт көк кур чеберлер арасында күмүш байге уткан.

2022-жылдын аягында ACBJJ уюмунун Москва шаарында өткөн дүйнө чемпионатында күрөң кур чеберлер арасында күмүш байге утуп алган.

2023-жылы грэпплинг боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону аталып, 2 алтын медаль тагынган.

2023-жылдын 8-июлунда Испания өлкөсүнүн Барселона  шаарында SPAINBJJTOUR уюму өткөргөн Бразилия Жиу-Житсу боюнча Европа Кубогунун дүйнөлүк рейтинг аныктоо мелдешинде  испаниялык  Перес Креспо Гарсияны 7:1 эсебинде жеңип, «Dry Factor» мелдешинин бел курун утуп жана ошого кошумча жиу-житсунун кимоносун татыктуу болгон.

2023-жылы АКШнын Чикаго шаарында CHICAGO OPEN GI&NOGI-2023 эл аралык турниринин баш байгесин утуп, алтын медаль тагынган.

2023-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарына жиу-житсу боюнча катышып, 10 мыкты балбандын катарына кирген.

2024-жылы 2-4-февралда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында Жиу-житсу боюнча AJP TOUR UAE NATIONAL JIU_JITSU CHAMPIONSHIP эл аралык турниринде коло байге уткан.

Нурсултандын алдыда далай таймаштары жана бийик максаттары турат. Ага ийгиликтерди, жеңиштерди каалайбыз!

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы

НУРСУЛТАН КУШТАРБЕК УУЛУНУН МЕКСИКАДАГЫ ЭКИНЧИ ЖЕҢИШИ

Бөлүшүү

Комментарийлер