НУРСУЛТАН КУШТАРБЕК УУЛУ ЖИУ-ЖУТСУ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНУ

  • 06.03.2024
  • 0

НУРСУЛТАН КУШТАРБЕК УУЛУ ЖИУ-ЖУТСУ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНУ3-4-март күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эр азаматтар жана жаштар арасында Жиу-жутсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты курч атаандаштык менен өттү. Мында эр азаматтар, чоңдор арасында 62 килограмм салмак бирдигинде  «Аlay Team» клубунун өкүлү Нурсултан Куштарбек уулу  үч беттешүү өткөрдү. Чейрек финалда  “Кыргызстан ТОП” клубунун өкүлү Райымбек Ташибаевди 9:0 эсебинде утуп жатып, ыңгайы келик калып мөөнөтүнөн мурда муунтуу ыкмасы менен жеңилүүгө аргасыз кылып, жарым финалга чыкты.

Жарым финалдагы Нурсултан атаандашы “Кыргызстан ТОП” клубунун өкүлү Данияр Жаманкуловду дагы 4:0 эсебинде жеңип, баш байгеге талапкер болду.

Кыргызстандын чемпиондугу үчүн финалдык таймашта Нурсултан Ош шаарынын өкүлү Таалайбек Байышевди  артыкчылык менен жеңип алып, 2024-жылдын Жиу-жутсу боюнча өлкө чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Былтыр Нурсултан өлкө чемпионатында экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болгон.

4-мартта Нурсултан Куштарбек уулу жаштар арасындагы өлкө чемпионатында 69 килограмм салмакта  4 беттеш өткөрүп, баардык атаандаштарын жеңип, алтын медалдын ээси болду.  Финалдык беттешүүдө дагы Ош шаарынын өкүлү Таалайбек Байышев менен кездешип, бул ирет дагы Нурсултан чеберчилигин көрсөтүп, жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону аталды.

-Бул жолку өлкө чемпионатыгы беттешүүлөр курч мүнөздө, атаандаштык маанайда өттү. Быйылкы жеңүүчүлөрдөн Кыргызстандын тандалма командасы түзүлүп, Азия, дүйнө чемпионаттаныда өлкөбүздүн намысын коргойт. Ошондой эле күзүндө Таиландда өтө турган Жабык имараттардагы Азия оюндарына катышууга укук алышат.Быйылкы жаштар жана чоңдор арасындагы Азия чемпионаттары Бириккен Араб Эмираттары өлкөсүнүн Абу-Даби шаарында болот.  Мен 19 жашта болсом дагы чоңдор арасында күрөшүп, алгач ирет Кыргызстандын чемпиону болдум.  Бул ирет жиу-житсуда болгон тажрыйбам жана чеберчилигим жогору болгонунун себеби, эл аралык мелдештерге катышканым болду. Жакында эле Мексикада өткөн эрежесиз эр таймаш ММА эл аралык турнирине катышып, баш байгени Чемпиондук курду экинчи ирет утуп келдим. Мындай ийгиликтерге жетишиме устатым, жиу-жутсу боюнча дүйнө чемпиону Самарбек Сабыржан уулунун салымы зор. Агайымдын колдоосу менен бир нече ирет Америка Кошмо Штаттарындагы Лос-Анжелес шаарындагы Дүйнөлүк жиу-жутсу машыгуу борборуна барып, окуу-машыгууларга катыштым. Жаштар арасында грэпплинг боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгом. Эми келечекте чоңдор жана жаштар арасында Кыргызстанды дүйнөлүк аренда жиу-жутсу боюнча таанытсам деп тилек кылып жүрөм, -деди намысты колдон чарбаган өлкө чемпиону Нурсултан Куштарбек уулу.

Келечегинен үмүт жандырган 19 жаштагы Нурсултан жаштар арасында грэпплинг боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байгелеринин ээси,  жиу-жутсунун комбат түрү боюнча Азия чемпиону,  эл аралык ири турнирлердин жеңүүчүсү болуп саналат.

Нурсултандын мындай ийгиликтерди  жаратып,  мелдештерге катышканына Кыргызстандын Жиу Житсу федерациясынын президенти Сабыржан уулу Самарбек агайы түрткү берип, ар дайым колдоо көрсөтүп келатат.

Учурда Нурсултан Бишкек шаарындагы “Алай Жиу-Житсу Академиясынын” залында өзү машыктыруучу болуп, жаштарга бул спорттун ыкмаларын үйрөтүп жатат.

Грэпплинг жана Жиу-Житсуга келишинине Самарбек агайы себепкер болгон. Ал айылга күрөш боюнча мелдештерди уюштуруп барып турчу. Аны көрүп күрөшкө болгон Нурсултандын кызыгуусу арта баштаган. Агайын артынан ээрчип жүрүп, бул спортко  аралашып, ийгиликтерди жаратып, улам чеберчилиги артып келүүдө.

Нурсултан Куштарбек уулунун жараткан ийгиликтери:

2019-жылы Москва шаарында өткөн жаштар арасындагы Бразилия Жиу-Житсу боюнча дүйнө чемпионатында финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

2019-жылы Кыргызстанда өткөн Жиу-Житсунун Комбат күрөш түрүнөн Азия чемпиону аталып, алтын байгенин уткан.

2020-жылы грэпплинг боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону болгон.

2021-жылы Орусиянын Уфа шаарында өткөн жаштар арасында грэпплинг боюнча Дүйнө чемпионатында  эки алтын медаль уткан. Баса белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында грэпплинг боюнча Дүйнө чемпионатында 2 алтын байге уткан бир дагы кыргызстандык спортчу болгон эмес. Ал  Дүйнө Чемпионатынын биринчи күнү NO-GI жана экинчи күнү GI версиясында биринчи орунду ээлеген. Эки түрдүн айырмасы: GI бул кимоно менен, NO-GI кимоносу жок таймаш болуп саналат.

2022-жылы Испаниянын Понтеведра шаарында өткөн Грепплинг боюнча дүйнө чемпионатында жаштар арасында коло байгенин ээси болгон.

2022-жылы АКШда өткөн (SJJIF) уюмунун дүйнө чемпионатынан кызгылт көк кур чеберлер арасында күмүш байге уткан.

2022-жылдын аягында ACBJJ уюмунун Москва шаарында өткөн дүйнө чемпионатында күрөң кур чеберлер арасында күмүш байге утуп алган.

2023-жылы грэпплинг боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону аталып, 2 алтын медаль тагынган.

2023-жылдын 8-июлунда Испания өлкөсүнүн Барселона  шаарында SPAINBJJTOUR уюму өткөргөн Бразилия Жиу-Житсу боюнча Европа Кубогунун дүйнөлүк рейтинг аныктоо мелдешинде  испаниялык  Перес Креспо Гарсияны 7:1 эсебинде жеңип, «Dry Factor» мелдешинин бел курун утуп жана ошого кошумча жиу-житсунун кимоносун татыктуу болгон.

2023-жылы АКШнын Чикаго шаарында CHICAGO OPEN GI&NOGI-2023 эл аралык турниринин баш байгесин утуп, алтын медаль тагынган.

2023-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарына жиу-житсу боюнча катышып, 10 мыкты балбандын катарына кирген.

,2024-жылы 2-4-февралда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында Жиу-житсу боюнча AJP TOUR UAE NATIONAL JIU_JITSU CHAMPIONSHIP эл аралык турниринде коло байге уткан.

2024-жыл 24-февралында Мексикада өткөн MMA INTERNATIONAL FIGHTS GPC WORLD CHAMPIONSHIPS эл аралык турниринде чемпиондук курдун ээси болуп, баш байге уткан.

2024-жылы 3-4-мартта Бишкекте чоңдор жана жаштар арасында жиу-жутсу боюнча Кыргызстандын чемпиону болду.

Нурсултандын алдыда далай таймаштары жана бийик максаттары турат. Ага ийгиликтерди, жеңиштерди каалайбыз!

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер