НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ ТОКМОКТОГУ №23 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ БАРДЫ

  • 23.05.2023
  • 0

НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ ТОКМОКТОГУ №23 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ БАРДЫ23-майда Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Шакиев Чүй облусундагы иш сапарынын алкагында Токмок шаарындагы №23 кесиптик лицейдин абалы менен таанышты.

Мугалимдер жана окуучулар менен жолугушуу учурунда төрага акыркы жылдары мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп: “Өлкөнүн бардык аймагында жаңы мектептердин жана бала бакчалардын имараттары курулуп, агартуучулардын айлык маянасын кийинки жылы дагы көтөрүү пландалууда. Ошондой эле кесиптик лицейлердин ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган аракеттер да жигердүү жүргүзүлүүдө”, – деди.

Муну менен катар өлкөдөгү жаңыланууларга учкай токтолду: “Курулуш, коммуникация тармактарында, айрыкча тейлөө кызматтарында кесиптик лицейлерден билим алган адистерге муктаждык чоң. Андыктан билим менен тажрыйбаны айкалыштырган адистерди чыгарып, өлкөдөгү өзгөрүүлөргө өз салымыңарды кошосуңар деген ишеничтемин”.

НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ ТОКМОКТОГУ №23 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ БАРДЫ

Андан тышкары, жолугушууда лицейдин жылытуу системасын жаңыртуу маселеси көтөрүлүп, 30 жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөн системаны калыбына келтирүүгө 1 млн 700 миң сом талап кылынары айтылды. Төрага аталган маселени өз көзөмөлүнө аларын билдирип, жыл аягына чейин жылытуу системасын толук жаңыртуу тапшырмасын берди.

Бул лицей 1957-жылы ачылып, учурда жыгач уста, ширетүүчү, ашпозчу өңдүү адистиктер боюнча 290 окуучу билим алат.

НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ ТОКМОКТОГУ №23 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ БАРДЫ

Төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Айбек Маткеримов, Эмиль Токтошев, Жанарбек Акаев, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, финансы министринин орун басары Руслан Татиков, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакытбек Кудайбергенов баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери коштоп жүрөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер