«НУРКИДС» ЭКОПЛАТФОРМАСЫНЫН ТААНЫТЫМЫ: БАЛДАР ҮЧҮН САПАТТУУ КЫРГЫЗЧА КОНТЕНТ СУНУШТАЛДЫ

  • 06.08.2026
  • 0

Бишкек шаарында балдар арасында мамлекеттик тилди жайылтууга жана кыргыз тилиндеги сапаттуу маалымат менен камсыздоого багытталган “Нуркидс” экоплатформасынын расмий таанытымы болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан колго алынып, “Нуркидс” ЖЧКсы менен биргеликте уюштурулду. "НУРКИДС" ЭКОПЛАТФОРМАСЫНЫН ТААНЫТЫМЫ: БАЛДАР ҮЧҮН САПАТТУУ КЫРГЫЗЧА КОНТЕНТ СУНУШТАЛДЫЖыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Салтанат Аманова, Агартуу министрлигинин, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Улуттук банктын, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана балдар контентин түзүүчүлөр катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев балдардын кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттыруу мамлекеттин келечеги үчүн эң актуалдуу талап экенин баса белгиледи.

“Нуркидс” экоплатформасы балдарга арналган кызыктуу кыргызча оюндарды, чакан мультфильмдерди, ырларды жана жомокторду камтыйт. Платформанын түзүүчүлөрү контент туруктуу негизде жаңыланып жана толукталып турарын билдиришип, бул жаш муунга эне тилин үйрөтүүдө жана сапаттуу тарбия берүүдө чоң өбөлгө болорун кошумчалашты.

Демилгени Кыргызстан элинин Ассамблеясы да колдоого алып, платформаны жайылтууга жана материалдык жактан жардам көрсөтүүгө даяр экенин ассамблеянын төрагасы Медер Рахман билдирди. Расмий бөлүктүн соңунда Улуттук банк жана балдар контентин жаратуучулар “Нуркидс” платформасы менен тыгыз кызматташууга кызыктар экендиктерин ырасташты.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер