НУРГҮЛ СУЛАЙМАНОВА: “МЕН КАЙРА ЭЛЕ МУГАЛИМДИК КЕСИПТИ ТАНДАМАКМЫН…”

  • 29.09.2023
  • 0

НУРГҮЛ СУЛАЙМАНОВА:  “МЕН КАЙРА ЭЛЕ МУГАЛИМДИК КЕСИПТИ ТАНДАМАКМЫН...”

Нургүл Сулайманова Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде  15 жылдан бери англис тили мугалим болуп үзүрлүү эмгектенип келе жатат.  Үстүбүздөгү жылдын март айында Баткен шаарында өткөн “Жыл мугалими” кароо сынагында 1-орундун жеңүүчүсү катары облустук турга да катышып, анда да Баткен облусунун район, шаарларынан келген мыкты мугалимдердин арасынан өзгөчөлөнүп алдыга чыккан. Учурда Нургүл Сулайманова  Бишкек шаарында өтүүчү “Жыл мугалими” республикалык кароо сынагына даярдык көрүүдө.

Албетте, Баткенде мугалим болуп иштөө жеңил эмес.   Мугалимдердин арасында чек ара жаңжалдарынан улам,  көчүп кеткендери да бар. Тескерисинче ”Бул менин жерим, Мекенге мен кызмат кылбасам, ким кызмат кылат”- деген принцип менен өз кесибин сүйүп, балдардын келечегин түптөп жаткандардын сап башында дал ушул Нургүл эжейдин  бардыгы албетте, сыймыктуу. Нургүл Тажибаевнаны мекенчил мугалим десек да болот. Ошол оор күндөрү эвакуацияланган жарандардын арасында күнү-түнү жардам берип, стресске кабылган ата-энелер менен окуучуларга кайрат берип жүргөн күндөрүн мындайча эскерет.

— 2022-жылдын апрель айындагы күтүүсүз ок атышуу балдардын эле эмес, ата-энелердин да үшүн алды. Ошол күнү биздин мектепке 300дөн ашуун Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынын  тургундары дүрбөлөңгө түшүп, качып келишти. Өзүм чочулап турсам дагы, заматта мектепке жетип бардым. Ый, ызы-чуу, коркуп калган балдарды көрүп, кайра кайраттана түштүм. «Мен эне катары дагы, педагог катары дагы ушул күнү ушул сааттарда эл менен бир болбосом, анда мен киммин?»- деген сезимдер пайда болду. Ошентип, согуш болбосо дагы согуштан кем эмес каргашалуу окуяда атылган октордон, жарылган снаряддардан жалтанбай да калдык. Мектептер жабылып, онлайн окууну баштадык. Кырдаал чын эле кыйын болчу. Окуучулардын баарында эле мобилдик телефон кайдан дейсиз. Кандай болгон чакта да биз балдарга болгон билим берүүнү токтотпошубуз керек деген ой менин жан дүйнөмдү кыйнап жатты. Ошондой кырдаалда окуучуларды окуттук. Мен үчүн ар бир баланын жетиштүү билим алуусу абдан маанилүү эле. Кимдир бирөөсү кыйналып же берилген тапшырмага жетишпей калса, ошол баланы аяй берчүмүн. Кандай болгон чакта да менин оор мезгилдеги эмгегимдин үзүрү кайткандыгы мен үчүн чоң бакыт болду. Сүйүндүм, ыйладым. Анткени менин   окуучум Кадыров Даниел олимпиаданын республикалык туруна жолдомо алды. Мен мугалим болгонума өкүнбөйм. Кесип тандоо мүмкүнчүлүгү кайра берилсе, дагы эле мугалимдикти тандамакмын, — дейт Нургүл Сулайманова.

Нургүл Тажибаевна чыныгы мыкты мугалим. Кезегинде өз билимин өркүндөтүп, Америкага чейин барып келген. Эжей учурда  Баткен районунун жана Баткен шаарындагы англис тили мугалимдерине англис тилин окутуунун методикасын жаңы санариптик технологияларын колдонуу жолдорун үйрөтөт. Ал эми окуткан окуучулары Аскаров Нурсен, Таджиева Камила Америка элчилиги тарабынан уюштурулуп келген “FLEX” программасынын алкагында Американын Арканзас штатында бир жыл бою жашап, билим алып келишти. Дагы бир окуучусу Мальвина Апиева Азербайжан Республикасындагы англис тилинде өткөрүлгөн “Кибер коопсуздук” боюнча сынакка катышып, 119 өлкөдөн келген окуучулардын ичинен 18-орунду ээлеген. Ушунун баары Нургүл Сулайманованын чыныгы эмгек акыбети эмей эмне. Мына ушундай мугалим гана мыкты мугалим деген наамга арзыйт.

Адылбек АКМАТОВ,         Баткен облусу

Бөлүшүү

Комментарийлер