НООРУЗ МЕЛДЕШИНИН ФИНАЛЫНДА “ЫНТЫМАК” МЕНЕН “ДОСТУК” БЕТТЕШЕТ
- 20.03.2024
- 0
Ар жыл сайын “Нооруз” майрамынын көркүн “эрендердин эр оюну-көк бөрү ачып келет. Бул жылы дагы 21-мартта Бишкектеги “Ак кула” ат майданында финалдык баш байге үчүн көк бөрү баштаган улуттук оюндар болот.
19-мартта «Ак кула» ат майданында Жогорку лигада жарым финалдык оюндар болуп, баш байгеге талапкерлер аныкталды. Ошентип, курч таймашууларда Талас облусунун «Ынтымак» жана Ош облусунун «Достук» командалары Бишкекте өтүп жаткан Нооруз-2024 республикалык мелдешинин финалына чыкты.
Алгачкы жарым финалдык оюнда Чүй облусунун “Сары-Өзөн” менен Таластын “Ынтымак” командасы беттешип, 5:1 эсебинде «Ынтымак» командасы жеңишке жетти. Ал эми экинчи жарым финалдык мөрөй талашта Оштун “Достук” командасы Ысык-Көлдөн “Мурас” командасын 11:4 эсебинде утту.
Эки команда Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан мелдеште бир топко туш болуп, тайпалык оюнда «Достук» командасы жеңишке жетип, 5 упай менен биринчи орунду алып, кийинки беттешүүлөргө жолун ачкан. Ал эми «Ынтымак» командасы экинчи орун менен жарым финалга чыккан.
Көк бөрү боюнча Нооруз-2024 республикалык мелдешине 39 команда катышууда. Алар төрт лигага бөлүнүп ойноп, мыктылары аныкталып жатат.
Көк бөрү боюнча Жогорку лигада 6 команда, Биринчи лигада 11 команда, Экинчи лигада 16 команда жана Легендалар лигаcында 6 команда бар. Ошентип, мыктылар иргелип жатып, биринчи лигада «Кара-Кулжа» жана «Намыс» командалары финалга чыккан.
Көк бөрү Кыргызстандагы эң таасирдүү бүйүр кызыткан ат оюндарынын бири. Улуттук спорттун бул түрүнөн республикалык мелдештер жылына үч жолу: Нооруз, 9-Май — Жеңиш күнү жана 31-август — Эгемендик күнүндө уюштурулуп келет.
Доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов «ушундай эрендердин эр оюнун мурас калтырган ата-бабаларыбызга кулдугум бар-ов», — деп бекеринен айтпаса керек.
Кыргызстанда өткөн Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын көркүн ачкан дагы ушул көк бөрү оюну болуп келген. Бирок, быйыл Казакстандын борбору Астана шаарында өтө турган көк бөрү мелдештери тайказансыз, казактардын эрежеси менен өтөөрү маалымдалган.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”,
Комментарийлер