НООКАТ: “БИРГЕЛЕШКЕН ИЙГИЛИККЕ 10 КАДАМ”
- 03.09.2026
- 0
Ноокат районундагы мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринде “Биргелешкен ийгиликке 10 кадам” аталышындагы ата-энелер декадасы старт алды.

Ага Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук кабинетинин усулчулары да катышып, декаданын негизги максаты – мектеп, ата-эне жана коомчулуктун өз ара кызматташтыгын чыңдоо, балдардын сапаттуу билим алуусуна жана ар тараптуу өнүгүүсүнө биргелешип шарт түзүү экендигине токтолуп өтүштү.
Декада ата-энелердин активдүү катышуусу менен башталып, ар түрдүү жолугушуулар, ачык эшик күндөрү, тарбиялык иш-чаралар, пикир алышуулар менен коштолууда.
Аталган декада 2-сентябрдан 14-сентябрга чейин өлкөдөгү мектепке чейинки, жалпы, башталгыч кесиптик жана кошумча билим берүү уюмдарында өткөрүлөт.
Иш-чаранын негизги максаты — балдарды жаңы окуу жылына даярдоодо, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыптандырууда, сергек жашоо образын жайылтууда жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылууда, үй-бүлө менен билим берүү уюмдарынын өнөктөштүгүн чыңдоо.
Ошондой эле декаданын алкагында зомбулуктун, буллингдин жана кибербуллингдин, баңгизаттарды колдонуунун, эрте никенин, коррупциянын, радикализмдин жана балдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана бакубаттуулугуна коркунуч келтирген башка терс көрүнүштөрдүн алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер