УНУТУЛГАН АРКАЙЫК КАЙРАДАН ЖАҢЫРДЫ

  • 04.09.2026
  • 0

Кыргыздын байыркы музыкалык аспабы — аркайык кайрадан эл алдына чыгып, Vl Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан «Санат» фестивалында жаңырды.

УНУТУЛГАН АРКАЙЫК КАЙРАДАН ЖАҢЫРДЫ

Арфага окшош бул көөнө аспаптын үлгүсү Ысык-Көлдүн Сан-Таш аймагынан табылган.  Изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда, аркайык биздин замандын II–III кылымдарына таандык.
Аны элге таанытып, кайра жандандырууга өнөрлүү кыздардын бири музыка таануучу, этномузыкант жана жаачы Бактыгүл Абди Жетиген  өзгөчө салым кошууда. Ал Алтайга барып, аркайыктын жасалышын үйрөнүп, өзү үчүн аспап жасатып келген. Анын демилгеси менен байыркы аспаптын үнү Кыргызстанда кайра жаңыра баштады.
Аркайыктын жети кылдуу үлгүсүн уста Нурадин Абдразаков жасаган.
Бул иште алтайлык устат, аркайыкты жасоо жана аткаруу өнөрүнүн билерманы Ногон Шумаровдун да эмгеги зор. Алтайлык белгилүү режиссёр, маданият ишмери атайын Кыргызстанга келип, «Санат» фестивалына катышып, аспапты жасоо жана аткаруу боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

Атайын кабарчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер