НОМУР БЕШТЕГИ ЖОЛУГУШУУ

  • 01.02.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, “Энелер мектебинин” уюштуруучусу Гапыр Мамадинов Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин ата-энелерине  “Окуучулардын сапаттуу билим, татыктуу тарбия алуусунда ата-энелердин ролу” деген темада семинар өттү.

НОМУР БЕШТЕГИ ЖОЛУГУШУУ

Билим, тарбия берүү – бул эки жактуу процесс. Мектеп канчалык күчтүү болбосун, бул ишке үй-бүлө катышпаса, мугалимдердин аракети кумга сиңип жок болгон сууга окшоп кала берет.
Окуучунун инсан катары жетилиши үчүн мугалим менен ата-эненин бирдиктүү тарбиясы абдан маанилүү. Куш эки канаты менен гана уча алат, ошол сыяктуу мугалим окуучунун бир канаты болсо, ата-эне – экинчи канаты. Эки канат бирдей кагылып, бир максатка багытталган учурда гана окуучуга жетиштүү тарбия берилет.
Семинарга келген ар бир ата-эне агайдын тарбиялык мааниси терең, таасирлүү сөздөрүн угуп, руханий жан дүйнөлөрүн байытып кетти.
Эне —  үй-бүлөнүн түркүгү, куту. Энелердин билими күчтүү болсо гана, алардан билимдүү балдар тарбияланат.
“Энеси жакшынын баары жакшы, атасы жакшынын бири жакшы” дегендей, «Энеси билимдүү болсо, балдары билимдүү болот, балдары билимдүү болсо, мамлекетибиз күчтүү болот” – деген Гапыр агайдын жакшы сөзү менен  семинар жыйынтыкталды.

Мелискан АСАНОВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер