НМУДА СТУДЕНТТИК ИЛИМ КҮНҮ ӨТТҮ

  • 17.04.2026
  • 0

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде 2026-жылдын 15-апрелинде «Студенттик демилге – 2026: Жаштар – илим жана коомдун өнүгүшүндө» аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

НМУДА СТУДЕНТТИК ИЛИМ КҮНҮ ӨТТҮ

Иш-чаранын максаты студенттердин илимий-изилдөө иштерине кызыгуусун арттыруу жана алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү.Конференцияны университеттин проректору А.Э. Сарбагышова ачты.Иш-чарага студенттер жана мектеп окуучулары катышып, өздөрүнүн илимий баяндамаларын сунуштады.

Конференциянын алкагында 5 секция иш алып барды:

  • 1-секция: Иновациялык технологиялар жана санариптик трансформациялар
  • 2-секция: Экологиялык коопсуздук жана табигый ресурстардын мониторинги.
  • 3-секция: Билим берүүнун жана тарбиялоонун забанбап парадигмалары
  • 4-секция: Аймакты өнүктүрүүнүн экономикалык механизмдери
  • 5-секция: Гуманитардык изилдөөлөр жана маданий мурастарды сактоо.

Жыйындыгында мыкты иштер диплоп жана сертификаттар менен сыйланды.

Салкынай САЛМООРБЕКОВА «Кут Билим», И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер