НЕКРОЛОГ — АСЫЛБЕК АСАКЕЕВИЧ ЧЕКЕЕВ

  • 11.05.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын илими, билим берүүсү, атпай журт орду толгус чоң жоготууга учурады. 2022-жылдын 30-апрель күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, физика-математика илимдеринин доктору, математиканын хабилитирленген доктору, профессор Асылбек Асакеевич Чекеев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Асылбек Асакеевич Чекеев 1962-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1984-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Улуттук университеттин) механика-математика факультетин ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы аспирантурага өтөт. 1992-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде кандидаттык диссертациясын, 1998-жылы Латвия мамлекеттик университетинде доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргойт. Ал окууну бүткөн 1984-жылдан тартып Кыргыз улуттук университетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, профессордук кызматтарды аркалап келген. 1998-жылдан 2016-жылга чейин аталган университеттин математика, информатика жана кибернетика факультетинин деканы болуп иштеди. 2017-жылдан өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимий иштер боюнча проректору  кызматты аркалады.

А.А.Чекеев математика илиминин бир калыптуу топология багытына зор салым кошо алды. Ал кардиналдык инварианттар теориясына, топологиялык жана бир калыптуу группалардын тескери спектрлери теориясына, эркин топологиялык жана бир калыптуу группалар теориясына, экспонециалдык бир калыптуу мейкиндиктер теориясына жана, айрыкча,  категорясына олуттуу салым кошуп, дүйнөнүн чыгаан математиктери койгон көйгөйлөрдү чече алды. Ал Кытайда, Японияда, Россияда, Грецияда, Чехияда жана башка көптөгөн мамлекеттерде өтүлгөн илимий конференцияларга катышып, олуттуу баяндамаларды жасап жүрдү.

А.А.Чекеев өз мектебин түзгөн окумуштуу болду. Жети илимдин кандидатын даярдап чыгарган. Анын илимий изденүүлөрүнүн натыйжасы катары 3 монографиясы, 170тен ашуун илимий макалалары жарык көргөн. Алардын ичинен 7 илимий макаласы Scopus жана Web of Science базаларында индекстелип жарык көргөн.

А.А.Чекеев Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин вице-президенти, дүйнөлүк абройлуу журналдардын рецензенти болуп шайланган.

А.А.Чекеевдин илим, билим берүү багытында сиңирген эмгеги эл-журт, мамлекет тарабынан жогору бааланып, натыйжада, окумуштуу  “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгиси, КР Билим берүү жана илими министрлигинин, тармактык министрликтердин Ардак грамоталары менен сыйланган жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар Кеңешинин 23-марттагы №8 токтому менен  “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” ардак наамына көрсөтүлгөн.

Асылбек Асакеевич Чекеевдин жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Э.Ж.Байсалов,  А.Б.Бейшеналиев, Б.С.Орозов, Р.Абазбек уулу,  У.Э.Мамбетакунов,  Н.С.Джусупбекова  К.Ж.Садыков, М.С.Жуматаев, Р.З.Нургазиев, И.О.Кудайбергенова, М.К.Чыныбаев, К.Г.Кожобеков, А.И.Мусаев,   О.Т.Тогусаков,  А.А.Бөрүбаев, А.Э.Эркебаев, С.Ж.Мусаев, А.А.Акматалиев, О.И.Ибраимов, С.Алахан, Б.К.Темиров, Т.Ж.Суранаев, К.Ж.Кожогулов,  П.С.Панков, Б.М.Жеенбаев, Н.Ж.Жеенбаев, Н.И.Ишекеев, В.И.Шаповалов,  Т.С.Маразыков.

Бөлүшүү

Комментарийлер