НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

  • 21.04.2020
  • 0

Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын Ош облусу боюнча координатору Назаров Рахманберди Найманович 60 жашка толду.

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

Балалык чагы

Назаров Рахманберди Найманович Өзгөндүн Ничке-Сай айылында 18-апрель 1960-жылы жарык дүйнөгө келген. Рахманберди баштооч, класском, уюштургуч болуп жүрүп, туулуп өскөн Ничке-Сай айылындагы Совет (азыркы Сатыбалды Кадыров) орто мектебин 1977-жылы ийгиликтүү аяктайт. Ал дароо эле Оштогу мамлекеттик педагогикалык институтка (азыркы ОшМУ) документтерин тапшырып, августтун аптаптуу күндөрүндө тердеп-тепчип жүрүп сыноолордон өтүп, аны 1981-жылы бүтүргөн.

Эстес кеткис студенттик күндөр ай…

Дайыма алдыда болууну максат кылган Рахманберди «Окуш керек, окуганда да жакшы окуш керек!» деген аракеттери ишке ашкан. Айылдык жигиттин тыңдыгын жана аракетчилдигин баамдашкан кыргыз тили жана адабияты факультетинин деканаты аны өз группасына старосталыкка дайындашкан. Окууда гана эмес, коомдук иште, айыл чарба жумушунда ал дайыма алдыда болуп факультетке гана эмес, институтка аты оозго алынып, Рахманберди Назаров болуп баштаган. Ушуга өзү да сыймыктанып, дайыма бош келбөөгө аракеттенчү. Активист боло баштаган жигитке ашык болгон кыздар да чекеден чыккан. Андайда кыздарга жакындабай, көбүнчө коомдук иштерин шылтоолоп, бой көтөрүп калчу. Бирок физика факультетинде окуп жаткан Караматка, боюн көтөрсө да жүрөгү жибип, улуу сүйүүгө багынып, Караматты көрбөй калса тура албай, батпай калаар эле. Сүйүү ааламында алоолонгон эки жаш акыры 1980-жылы күз айларында баш кошуп, бактылуу жашоого аттанышкан. Ошондо Рахманберди жыйырма жаштагы кычыраган жигит эле…

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

Эмгек жолу

Эки жаш бир жылдан кийин эле ОГПИни бүтүрүп, Рахманбердинин жүрөгүн алып учкан Өзгөндүн Ничке-Сайына келишип, өзү билим алган Совет орто мектебинде иштей башташты. Кыргыз тили жана адабияты каанасын курап, сабагын мыктылап өтүп, Рахманбердиде тыным болбоду…

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

Бирок үй менен мектептин ортосундагы каттам, баягы эле сабактар, сабактан кийинки «топтошмойлор», «отуруштар» тажатып жиберди максаты бийик жигитти.

1982-жылы Рахманберди мектептен бошонуп, 1996-жылга чейин Ош шаардык комсомол комитетинде, облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда, облустук билим берүү башкармалыгында жооптуу кызматтарда иштеп келди.

— Ооба, мектептен кийин комсомолдун Ош шаардык комитетинде инструктор, бир жылдан кийин облустук билим берүү башкармасынын алдындагы туристтик базага методист, метод бөлүмүнүн башчысы, кийин базанын башчысы болуп, 1989-жылга чейин эмгектендим. Ошондо мен тынымсыз иштеп, бир топ тажрыйба топтодум. Түрдүү семинарларды, көргөзмөлөрдү байма-бай уюштуруп, облустун мектептеринин өндүрүштүк бригадаларындагы жеңүүчүлөрдү СССРдин Баатыр шаарларына жөнөткөн, саякатта коштоп жүрүп, аябай такшалдым. Өтө эле демилгелүү болчумун. Анан эле жогору жактагылар облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтундагы алдыңкы иш тажрыйбаларды жайылтуу каанасына усулчулукка которушту. Бул жерде да көптү үйрөнүп, көптү билдим. Кээде институттун директору Аттокур Нуриевге, алдыңкы усулчулар Төлөгөн Султанбаевге, Сабыр Азимкуловго, Адалат Козуеваларга окшоп кетким келчү. Аларга суктанчумун. Ошолордон үйрөндүм, такшалдым. Ошол жылы республикада биринчи болуп «Жылдын мугалими» кароо-сынагын уюштуруп, ОМБОИнин кызматкерлери көзгө бир көрүнүшкөн, — дейт биздин каарманыбыз.

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

Кийин иштерман Рахманберди Назаров 1990-жылы облустук билим берүү башкармасына башкы адистикке которулуп, күйүп-бышып иштеген. Райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары Тойгонбай Сасыкбаевден (Өзгөн), Нуркамил Бектемировдон (Алай), Калмамат Абдрахмановдон (Ноокат), Паиз Нышановдон (Ош), жетекчилери — Балтагул Нурунбетовдон, Гүлсара Атабаевадан көптөгөн насааттарды алды. Алар менен сыймыктанчу. Облустук деңгээл эмне экенин ошондо биле баштады, жер-жерлерге кызмат сапарларына чыгып, көрүп, билип жүрүп.

«Саякатчыл» жигит

Анан эле «саякатчыл» жигитти 1992-жылдын августунда Түркияга жөнөтүштү. Кара-Деңиздин жээгиндеги Ине-Болу шаарында бир ай бою билим берүү тармактары менен таанышып чыгышкан. Мектептеринде Ата-Түрктүн сүрөтүнөн башка сүрөттөрдү, дубал толгон көрнөктөрдү, жарнактарды, жасалгаларды көрбөй таң калган. «Эмне үчүн мындай?» — деп сурашса, окуучуларды чарчатпайт дешкен экен.

Ал Түркиядан келип эле куратор катары «Сема» кыргыз-түрк лицейин Ошто ачууга белсенип киришкендердин бири болгон. Акыры ал мектепти ачышты.

Р.Назаровдун кыйынчыкмалыгын көргөн жогорку жактагылар аны 1996-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө башкы адистикке которушту. Андан соң сектор башчы, бөлүмдүн башчысынын орун басары, башчысы болуп иштеп, көбүнчө облустун билим берүү, маданият тармагын тейлеп, массалык-маалымат каражаттары менен иштеди. Оштун өкүлдөрүн даярдап, алар менен бирге Таласта өткөрүлгөн «Манас – 1000» даңазалуу мааракеге катышып, медаль менен да сыйланып кайткан. Кийин даңазалуу «Ош — 3000» юбилейлик тойду өткөрүүдө да чоң дем менен иштеди.

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

Туулган жердин топурагы алтын

Кээде эле Ничке-Сайы, Ничке-Сайдагы Терең-Жылгасы менен Топ-Жаңгагы көз алдынан кетпей, достору эске түшүп туруп алчу. Анын үстүнө Р.Назаров достукка да бекем. Ошон үчүн достору да сыйлашат, урматташат. Кооз жерин, досторун көргүсү келип кетчү. Ага туулган жери, эли дайыма дем берип турчу. Ошондуктанбы, айтор, акыры ал Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына кандай «олтуруп» калганын да билбей калды.

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

— 2005-жылдын февраль айы болчу. Өлкөдө саясий абал оорлошуп, оош-кыйыш күчөп турган. Мугалимдерди саясатка аралаштырбай, жакшы иштөөгө үндөдүм. Жамгыр менен селден көчүп түшкөн Чангет, Ийри-Суу айыл өкмөттөрдөгү мектептерди чатырга чыгарып, аларды Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы жаңы мектеп менен кошо жаңы окуу жылына бүтүрүп, облустук кароо-сынакта Өзгөн району 2-орунду алган. Ошондо бир зоболом көтөрүлдү. Өзгөн шаарынын «Черемушка» кичи районуна кыргыз тилиндеги мектепти да ачканга үлгүрдүм. Анан тез эле Оштогу «Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине башкы директорлукка которушту. Сулайман-Тоо ыйык жер экенин бала кезден билгендиктен жан үрөп иштедим. Студенттерди суранып, көчөт тиктирдим, тазалаттым, комплекстин айрым жерлерин ремонттотуп, тостурма койдура баштап, кызуу иштеп жатканда 2006-жылдын августунда Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына дайындап коюшту, — дейт Рахманберди агай.

Кара-Суудагы ийгиликтери

Өзгөндөн алган тажрыйбага карабастан чоң райондун түйшүгү да чоң экенин, көп иштерди аткаруу керектигин ал сезген. 135 мектептин, 29 бала бакчанын ишин алып кетүү, төрт жарым миңден ашуун мугалим-тарбиячылар менен иштөө оңой турбады. Бирок анын баарын көктүгү, көктүккө жуурулушкан аракетчилдиги, бир ишти аягына чейин чыгарам деген намысчылдыгы жеңди.

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

Ошол жылдары Рахманберди Назаров жетектеген Кара-Суу районунун педагогикалык жааматы окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, белгилүү деңгээлде түпкүү натыйжага жетишип, педагогикалык окууларда, облустук, республикалык түрдүү кароо-сынактарда, мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадаларында байгелүү орундарга ээ болуп келишти.

«Мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерди жаңы окуу жылына карата сапаттуу даярдоо» боюнча облустук кароо-сынактарда бир нече жылдары катары менен биринчи орунга татыктуу болуп, облустук мамлекеттик администрациясынын 1-даражадагы дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышкан.

Таланттуу балдардын ордосу

2015-жылдын август айынан бүгүнкү күнгө чейин Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын Ош облусу боюнча координатору болуп иштеп келүүдө.

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

Балдарга кошумча билим-тарбия берүү мекемеси катары, жаш муундардын өнөрүн, талантын, интеллектуалдык ойлоп табуучулук жөндөмдөрүн өркүндөтүүчү тарбиялык иштерди алып баруу менен көптөгөн демилгелүү, жаңычыл багыттагы иш-чараларды уюштуруп келет, аны билим берүү тармагынын өкүлдөрү, коомчулук жакшы билет. Алардын баарын атай берсек оголе көп…

Эмгек жерде калбайт

Билим берүү тармагындагы Р.Н.Назаровдун көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси, КРнын билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун БКнин «Билим, илим профсоюздук кыймылынын мыктысы» төш белгиси, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили», республикалык кыргыз тил коомунун «Ыйык тил» төш белгилери менен сыйланган. Ошондой эле райондук, облустук мамлекеттик администрацияларынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Мамлекеттик кызмат Агенттигинин Ардак грамоталары, «Ош — 3000» жана «Манас — 1000» юбилейлик медалдары жана башка тармактык сыйлыктарынын ээси. Эки жолу «Жыл адамы» (2008-, 2010-жж.), «Мыкты жетекчи — 2013-, 2014-жж.» ардактуу наамдарын алууга жетишкен. Ал эми 2009-жылы Президенттин жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 1-класстагы кеңешчи чини бар.

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

Рахманберди Найманович Назаров кандай гана жетекчилик кызматтарда иштебесин өзүнүн бийик инсандык сапаттары, кесиптик терең билими жана мыкты уюштуруучулук жөндөмү менен билим берүү кызматкерлеринин, коомчулуктун жана ата-энелердин арасында кадыр-баркка ээ.

Үй-бүлөсү

Чапкылап, иштеп жүргөнү менен үй-бүлөсүн да унуткан жок. Карамат экөө канчалаган өйдө-ылдыйды көрүп жүрүп, үч кыз, бир уулдуу болушкан, аларга жакшы билим-тарбия беришти. Чоң кызы Эльнура турмушка чыгып, күйөө баласы менен Улуу Британияда жашап жатышат. Гүлнура да турмушка чыккан, финансист, күйөө баласы укук коргоо органында иштейт. Үчүнчү кызы Мээрим да турмушка чыгып, күйөө баласы менен Бишкек шаарында мамлекеттик кызматта иштеп жатышат. Уулу Бексултан Бишкектеги юридикалык академияны артыкчылык диплому менен ийгиликтүү бүтүп, азыркы учурда мамлекеттик кызматтын резервинде турат. Спортсмен, өлкөбүздүн супер лигасынын футболдук клубунун оюнчусу.

Рахманберди Назаров жубайы Карамат экөө жети неберенин кадырлуу таята, таене, чоң ата, чоң апасы болушту.

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

— Өзгөндүн Ничке-Сайында балалык кыял менен текирен-таскак салып чуркап, бүгүнкү элдик оор жүктөрдү аркалагандан бери 60 жыл өтүп кетиптир го чиркин… Аны бала-чакаларым, куда-сөөктөрүм, жоро-жолдошторум туулган күндө куттукташканда эстеп атпайымбы. Эр ортону алтымышка чыгып калганыма ишенбедим. Анын үстүнө туулган күнүм 18-апрелде. Жаз келип, жаратылыш толукшуп гүлдөп, жыпар жыты буркурап турган мезгилде төрөлгөм. 60 жашты жазга теңеп, жашарып алдым, кубаттанып алдым, — дейт юбиляр.

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

НАЗАРОВ РАХМАНБЕРДИ НАЙМАНОВИЧ 60 ЖАШТА

Куттуктоо

Урматтуу Рахманберди Найманович! Кут Билим гезитинин жамааты Сизди өмүрүңүздөгү маанилүү окуя – 60 жылдык мааракеңиз менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Сиздин кесипкөйлүгүңүз жана жеке сапаттарыңыз облустук кошумча билим берүү тармагынын алга өнүгүшүнө өбөлгө болот деп ишенебиз. Сиздин билим берүү тармагына кошуп жаткан олуттуу салымыңыз жаш муундарга өрнөк. Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, элибизге тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү тилейбиз.

60 жашыңыз кут болсун, урматтуу Назаров Рахманберди Найманович!

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер