НАРЫНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР

  • 27.08.2026
  • 0

27-августта Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмү мугалимдердин салттуу август кеңешмесин өткөрдү.

Жыйында 2025–2026-окуу жылында аткарылган иштер, жетишилген ийгиликтер, билим берүү мекемелерин окуу китептери менен камсыздоо, Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыктары тууралуу маалыматтар берилип, алдыдагы милдеттер белгиленди. НАРЫНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР

Маалыматка ылайык, Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмүндө жалпы 40 мектеп, 44 бала бакча жана 2 балдардын чыгармачыл борбору иш алып барат. Аталган билим берүү мекемелеринин кезектеги ремонтуна республикалык бюджеттен 6 миллион 609 миң 400 сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 285 миң сом бөлүнгөн. НАРЫНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР

Натыйжада Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы мектеп Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен, ал эми №7 М.Сыдыков атындагы орто мектеп жана №17 “Ынтымак” балдар бакчасы республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык ремонттон өтүп, жаңы окуу жылына толук даярдалды. Мындан сырткары, Нарын районунда да беш мектеп жана үч бала бакча капиталдык оңдоодон өткөнү маалымдалды.

Аймактагы дагы бир кубанычтуу жаңылык — 31-август өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Нарын районунда жаңы салынган эки мектеп жана бир бала бакча пайдаланууга берилгени турат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер