НАРЫНДЫК МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН САНАРИПТИК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОКУТУУ БОЛДУ
- 20.03.2024
- 0
Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде “Санарип 50+” долбоорунун алкагында Нарын районунун мектептеринин мугалимдери үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду тарабынан санариптик сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү.
Маалыматка таянсак, тренинг Нарын облустук билим берүү борбору менен биргеликте уюштурулду. Борбор башчысы Касымбек Мамытов бул багыттагы биргелешкен иш үчүн Фондго ыраазычылыгын билдирди.
“Санарип 50+” долбоору «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан KICB банкынын колдоосу менен ишке ашырылат.
Долбоордун максаттары – улуу муундагы адамдарын смартфондор менен иштөөгө, дүйнөлүк тармакты өздөштүрүүгө, интернетте баарлашуу жөндөмдөрүнө ээ болууга, финансылык сабаттуулуктун негиздерине, ошондой эле накталай эмес операциялар үчүн «Элсом» электрондук капчыгын пайдаланууга үйрөтүү.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер