НАРЫНДАГЫ ЭКИ УНИВЕРСИТЕТ КЫЗМАТТАШАТ

  • 17.07.2019
  • 0

Борбордук Азия университети менен С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ортосунда билим берүүнү өнүктүрүү программасы боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду. Келишимге Нарын мамлекеттик университетинин ректору Таштанбек Сияев менен БАУнун «Билим берүүнү өнүктүрүү» программасынын башчысы Бернадет Дин кол коюшту.

НАРЫНДАГЫ ЭКИ УНИВЕРСИТЕТ КЫЗМАТТАШАТ

Маалым болгондой, келишим боюнча жогорку окуу жайлардын бири-бирин колдоосу, өнүктүрүү жагы каралат. Ошондой эле ар түрдүү программаларды иштеп чыгуу, окумуштуулар окутуучулар менен студенттерди окутуу, практика өтөө, жайылтуу, тажрыйба алмашуу, мугалимдердин билим деңгээлин көтөрүү, мектеп практикасын жакшыртуу, биргелешип изилдөөлөрдү жүргүзүү, анын натыйжаларын чет элдик басылмаларга чыгаруу менен университеттердин эмгектерин жайылтуу камтылат.

Г.А., “КБ”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер