НАРЫН: МУГАЛИМДЕРГЕ МЕТОДИКАЛЫК ЖАРДАМ

  • 02.09.2026
  • 0

Нарын шаарында Улуттук педагогикалык форумунун регионалдык этабы старт алды. Нарын облусу билим берүү тармагындагы бул ири иш-чараны өткөрүп жаткан алгачкы аймак болуп калды. Форумга жалпысынан 545 адам катышып, алардын катарын Агартуу министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, «Окуу китеби» басма үйүнүн жана Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институтунун өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн, бала бакчалардын, мектептердин жана кесиптик лицейлердин жетекчилери толуктады. НАРЫН: МУГАЛИМДЕРГЕ МЕТОДИКАЛЫК ЖАРДАМ

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы негизги реформалар жана жаңы окуу жылындагы актуалдуу багыттар кеңири талкууланды. Мектепке чейинки билим берүү тармагындагы ваучердик каржылоо жана «Балалык» маалыматтык системасы, ошондой эле мектептердеги жаңыланган предметтик стандарттар, тарбия иштеринин программалары жана 8-класстын окуучулары үчүн профилге чейинки даярдыктын өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жаатында жаңы түзүлгөн облустук билим берүү институттары, USTAT порталы жана жаңы окуу жылына карата 25 миңден ашуун мугалим атайын окутуудан өткөнү баса белгиленди. НАРЫН: МУГАЛИМДЕРГЕ МЕТОДИКАЛЫК ЖАРДАМ

Мындан тышкары, 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында окуу мазмунун жаңылоо, kitep.edu.kg сайтындагы санариптик окуу китептери, кесиптик лицейлерде дуалдык окутууну өнүктүрүү жана билим берүүнүн сапатын баалоонун жаңы улуттук ыкмалары (IDELA, PISA, ЖРТ) сыяктуу маанилүү темалар козголду. Форумдун биринчи бөлүгүндө тармактагы негизги жаңылануулар тааныштырылса, экинчи бөлүгүндө секциялык жыйындар уюштурулуп, адистер катышуучулардын актуалдуу суроолоруна жооп беришти.  НАРЫН: МУГАЛИМДЕРГЕ МЕТОДИКАЛЫК ЖАРДАМ

Бул саамалыктын негизги максаты 2026-2027-окуу жылында билим берүү процессин натыйжалуу уюштуруунун маанилүү маселелерин талкуулоого багытталган. Иш-чара ачык кесиптик диалог форматында өтүп, анын жүрүшүндө аймактагы педагогдор жана мектеп жетекчилери билим берүү процессин уюштуруу, жаңы окуу программаларын жана методикалык материалдарды иш жүзүндө колдонуу, профилге чейинки компонентти ишке ашыруу сыяктуу актуалдуу маселелер боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорду адистерге берип, практикалык багыт алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. НАРЫН: МУГАЛИМДЕРГЕ МЕТОДИКАЛЫК ЖАРДАМ

Жыйындын алкагында Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмаз Токтомаметов атайын баяндама жасады. Ал педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу багытында аткарылып жаткан иштерге токтолуп, учурдагы билим берүү тармагындагы реформалык аракеттер тууралуу кеңири маалымат берди жана катышуучулардын суроолоруна жооп кайтарды.

Бул жолугушуу мугалимдер үчүн жаңы окуу жылынын алдында маанилүү кесиптик колдоо жана тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп калды.

Белгилей кетсек, мааниси зор бул улуттук форум үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрынан 9-сентябрына чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер