ТАЛЫКПАГАН ЭМГЕК — САПАТТУУ БИЛИМГЕ, ЖОГОРКУ НАТЫЙЖАГА ЖОЛ АЧАТ

  • 02.09.2026
  • 0

Жакында Ат-Башы районунда Агартуу министрлигинин тапшырмасынын негизинде «Жаңы стандарт: сапаттуу билимден натыйжага карай» аталышындагы үч күндүк окутуу өткөрүлдү. Окутуунун жүрүшүндө компетенттүүлүккө негизделген мамиле, инклюзивдик окутуу, мониторинг жүргүзүү, жаңы мамлекеттик стандарт жана пландаштыруу, иш кагаздарын талапка ылайык жүргүзүү багыттары боюнча маанилүү маалыматтар берилип, практикалык иштер аткарылды.

ТАЛЫКПАГАН ЭМГЕК — САПАТТУУ БИЛИМГЕ, ЖОГОРКУ НАТЫЙЖАГА ЖОЛ АЧАТ

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынын берген маалыматына таянсак, алгач аталган багыттар боюнча тренерлер атайын тренингден өтүп, алган билим-тажрыйбаларын Ат-Башы районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине жайылтышты. Натыйжада район боюнча 52 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчилери жана тарбиячылары үч күндүк окутууга тартылды.

ТАЛЫКПАГАН ЭМГЕК — САПАТТУУ БИЛИМГЕ, ЖОГОРКУ НАТЫЙЖАГА ЖОЛ АЧАТ

Окутуунун негизги максаты — мектепке чейинки билим берүү тармагында жаңы стандарттарды натыйжалуу ишке ашыруу, педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, заманбап окутуу ыкмаларын практикада колдонуу жана балдарга сапаттуу билим берүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болду.

ТАЛЫКПАГАН ЭМГЕК — САПАТТУУ БИЛИМГЕ, ЖОГОРКУ НАТЫЙЖАГА ЖОЛ АЧАТ

ТАЛЫКПАГАН ЭМГЕК — САПАТТУУ БИЛИМГЕ, ЖОГОРКУ НАТЫЙЖАГА ЖОЛ АЧАТ

ТАЛЫКПАГАН ЭМГЕК — САПАТТУУ БИЛИМГЕ, ЖОГОРКУ НАТЫЙЖАГА ЖОЛ АЧАТ

Үч күндүк окутуу тажрыйба алмашууга, жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө жана кесиптик өнүгүүгө багытталган мазмундуу иш-чарада катышуучулар уюштуруучуларга жана тренерлерге ыраазычылыктарын билдирип, алган билимдерин өз ишинде натыйжалуу колдонууга даяр экендиктерин белгилешти.

Сапаттуу билим — кесипкөйлүктөн, ал эми ийгилик — талыкпаган эмгектен башталат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер