БИРГЕЛЕШКЕН ИЙГИЛИККЕ 10 КАДАМ: ӨЛКӨДӨ АТА-ЭНЕЛЕР ДЕКАДАСЫ БАШТАЛДЫ
- 02.09.2026
- 0
Өлкөнүн бардык билим берүү уюмдарында “Биргелешкен ийгиликке 10 кадам” аталышындагы ата-энелер декадасы старт алды. Бул маанилүү саамалык 14-сентябрга чейин уланып, өлкөдөгү мектепке чейинки, жалпы, башталгыч кесиптик жана кошумча билим берүү уюмдарын толугу менен камтыйт. 
Иш-чаранын негизги максаты — балдарды жаңы окуу жылына даярдоодо, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыптандырууда, сергек жашоо образын жайылтууда жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылууда үй-бүлө менен билим берүү мекемелеринин өнөктөштүгүн бекемдөө болуп саналат.
Декаданын алкагында балдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана бакубаттуулугуна коркунуч келтирген терс көрүнүштөрдүн: зомбулуктун, буллингдин жана кибербуллингдин, баңгизаттарды колдонуунун, эрте никенин, коррупциянын жана радикализмдин алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат. 
Бул өнөктүк аймактарда да активдүү колдоого алынып, Балыкчы шаардык билим берүү борборунда ата-энелер декадасы кызуу жүрүп жатат. Анын алкагында мугалимдер тарабынан ата-энелер үчүн ар түрдүү мастер-класстар, квесттер жана ийримдер боюнча пайдалуу маалыматтык иш-чаралар уюштурулду. 
Жолугушууларда кошумча билим берүүдө ата-энелердин ролу, балдардын кызыгуусун жана жөндөмүн өнүктүрүүдөгү ата-эненин колдоосу боюнча ачык талкуулар өткөрүлдү. Ошондой эле, окуучулардын келечектеги кесиптик багытын аныктоодо ийримдердин мааниси жана кесип тандоодо кошумча билим берүүнүн ролу тууралуу пикир алышуулар жүрүп, катышуучуларга баалуу кеп-кеңештер берилди.
А.К., «КБ»



Комментарийлер