НАРЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

  • 30.11.2022
  • 0

Нарын шаарындагы №9 А. Садыков атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу башталды.Сыйымдуулугу 375 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 141 млн 500 сом каралган.

НАРЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

Буга чейин  Нарын шаарында бул аймакта жашаган окуучулар мектеп тар болгондуктан окутуу  3 нөөмөттө жүргүзүлүп келген.Окуучуларга билим-тарбия шарттын жоктугу көйгөй жаратып келген.

НАРЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

Окуучулардын жана ата-энелер көптөн күткөн күн да келип, капсула салуу иш чарасы болуп өттү. Ага жергиликтүү бийлик  жана коомчулуктун өкүлдөрү катышып, келечек ээлерине көрүлгөн камкордук экенин белгилешти.

Кенжебай Кыдыров

Бөлүшүү

Комментарийлер