НАРЫНДА ӨСПҮРҮМДӨРДҮН КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ФОРУМ ӨТТҮ

  • 13.03.2018
  • 0

Нарын ОИИБ тарабынан «Өлкөнүн келечеги биздин колубузда. Балдар биздин келечегибиз. Кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок» аталышындагы форум болуп өттү.

Маалым болгондой, форумда эки маселе — биринчисинде,  жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштардын, өзүн өзү өлтүрүү, окуучулардын арасында опузалап акча талап кылуу, эрте никеге туруу, өспүрүмдөр аралашкан жол кырсыктарын алдын алуу, ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасындагы диний экстремизмге каршы-күрөшүү боюнча маселе каралды. Экинчисинде — аталган маселелер боюнча резолюцияны кабыл алуу каралды.

Нарын ОИИБдин башчысы Уланбек Аалиевдин айтымында, 2017-жылы Нарын облусу боюнча жалпы 339 жашы жете элек өспүрүмдөр ар кандай тартип бузуулары үчүн каттоого алынган. Ушул жылы «Кароосуз калган өспүрүм», «Лидер», «Камкордук», «Зомбулук», «Мектеп рэкетине жол жок», «Өспүрүм жай», «Өспүрүм түн», «Кайырчы» аталышындагы жана 313 ар кандай ыкчам алдын алуу рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн. Бул аракеттерге карабастан, 2017-жылы өспүрүмдөр тарабынан облус боюнча 32 кылмыш катталып, мурдагы жылга салыштармалуу бир кылмышка өскөн. Ал эми өспүрүмдөргө карата 33 кылмыш иши, бир үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ошондой эле 2017-жылы жаш өспүрүмдөр арасында өз өмүрүн кыюу боюнча 9 факты катталган.

Форумдун алкагында тийиштүү мекеме жетекчилери маалымат беришти жана форумда көтөрүлгөн маселелер боюнча талкуулар жүрдү. Форумдун аягында коомдук коопсуздукту камсыздоодо ИИМ менен тыгыз иштешкендер ардак грамоталар, медалдар менен сыйланышты.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер