НАРЫН ШААРЫНДА 375 ОРУНДУУ ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
- 15.11.2024
- 0
Нарын шаарындагы 375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттиги билдирди.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 141 млн сомду түзөт.
Билим ордо 3 блоктон турат эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галереясы бар. Ошондой эле долбоор боюнча негизги окуу класстардан тышкары китепкана, китеп окуу бөлмөсү, ашкана, дарылоо кабинети, компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган.
Мектептин жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзөт.
Мындан сырткары, Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылындагы С. Райымбеков атындагы мектепке жаңы спорт зал да ачылды.
Спорт залдын курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, тендердик баасы 62 млн сомду түздү.
Долбоор боюнча спорт залда баардык шаттар каралган. Объекттин жалпы аянты 512 чарчы метрди түзөт.
Эльвира Какиева, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер