НАРЫН РАЙОНУНДА БИР КАТАР ЖАҢЫ КУРУЛУШТАРГА КАПСУЛА САЛЫНДЫ

  • 27.10.2021
  • 0

Нарын районунда бир катар социалдык  объектилердин курулушуна капсула салынды

2021-жылы 23 октябырында Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын Арал-Там участкасына бир катар социалдык обьектилери куру мерчемделген.

20021-жылы 23-октябрында  мектеп,  бала бакча, ашкана, фельдшердик акушердик пункту жана мечиттин пайдубалы түптөлдү.  Иш чарага КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Абдраева Айгүль Төлөковна жана облус башчысы Сабыркул Ашимбаев, “Катар черити” кайрымдуулук фонддун Кыргызстандагы филиалынын директору  Алсамман Мохамад Хомама, район акими Нуридин Мадимаров жана айыл тургундары катышты.

Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Курманбек Кудайбергеновдун айтуусунда,  социалдык обьектилердин курулушуна 3 гектардан ашык жер  бөлүнүп берилген. Анын ичинен эки гектарына  120 орундуу мектеп, 50 орундуу бала бакча, ФАП, мечит, ашкана, футболдук аянтча, эки балдар ойноочу аянтча, таза суу системасы суу топтоочу жайы менен, жылуулук системасы  болуп жалпы 15 объекти  курулат. Обьектилер баардык шарты менен курулуп, ички эмеректери дагы долбоор аркылуу камсыздалат.

Иш чарада  Айгүл Төлөковна, курулуп жаткан социалдык объектилер айылдын инфратүзүмүн жогорулатарын айтуу менен бирге, баардык шарттары менен курулган заманбап мектеп келечекте билим берүү сапатын көтөрөөрү талашсыз ал эми спортаянтчалары балдардын ден-соолугун чыңдоого жана убактыларын туура пайдаланууга шарт түзөөрүн белгиледи. Мындай кайрымдуулук үчүн Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигине,  “Катар черити” кайрымдуулук фондуна  ыраазычылыгын билдирди.

(Өз кабарчы)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер