НАРЫН ОБЛУСУНУН ПЕДАГОГДОРУ “НООКАТ БИЛИМКАНАСЫ” ЖАТАК-ЛИЦЕЙИНИН ТАЖРЫЙБАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 12.07.2023
  • 0

2023-жылдын июнь айында Нарын облусунун билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана – 40 адис, анын ичинде облустук усулдук кабинеттен, райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн, мектеп директорлору, информатика, тарых, кыргыз тили жана башталгыч класстардын мугалимдери “Ноокат Билимканасы” жатак-лицейинин иш тажрыйбасы менен таанышты.

post.title

“Ноокат Билимканасы” жатак-лицейинин педагогикалык жамаатынын өкүлдөрү Нарын облусунан барган кесиптештерине олимпиадага, окуучуларды жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого даярдоо, “Алтын тамга” өзгөчө үлгүдөгү аттестатын алган окуучулардын ийгиликтери, IТ программалоо жана робототехника тармагында “Ойгонуу” долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу айтып беришти. Ошондой эле конокторго класстык аудиторияларды, жатаканаларды көрсөтүп, жатак-лицейдин окуучулары менен жолугушуу уюштурулду.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмү райондун башка мектептеринин алгылыктуу тажрыйбасы менен тааныштыруу максатында экскурсия өткөрдү.

“Ноокат Билимканасы” жатак-лицейинин тажрыйбасын республиканын мектеп жетекчилерине жайылтуу 2023-2024-окуу жаңы жылынын башталышына карата август иш-чараларынын алкагында жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер