НАРЫН ОБЛУСУНДА САНАРИПТЕШТИРҮҮГӨ МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

  • 20.04.2026
  • 0

Кыргызстанда билим берүү тармагын заман талабына ылайык жаңылоо жана санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү иштери аймактарда да активдүү уланууда. Ушул багыттагы иштердин алкагында 2026-жылдын 14–17-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлери Нарын облусунда көчмө мониторинг жүргүзүштү. Иш-чара «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун негизинде уюштурулду.

Мониторингдин алкагында Кочкор жана Ат-Башы райондорундагы, ошондой эле Нарын шаарындагы билим берүү уюмдары камтылды. Адистер шаардык жана айылдык мектептердеги санариптик билим берүү боюнча абалды жеринде көрүп чыгып, комплекстүү баалоо жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептерге жеткирилген компьютердик жабдуулардын пайдаланылышы, «Санарип Кампа» жана «Күндөлүк» платформаларынын ишке киргизилиши, интернет байланыштын сапаты, техникалык инфраструктуранын абалы жана электрондук ресурстардын окуу процессине киргизилиши талдоого алынды.

Мындан тышкары, мугалимдерге жана IT-адистерге практикалык жардам көрсөтүлүп, санариптик инструменттерди натыйжалуу пайдалануу боюнча кеңештер берилди. Адистер жаңы технологияларды колдонууда жаралган суроолорго жооп берип, усулдук колдоо көрсөтүштү.

Жыйынтыгында мектептерге берилген жабдуулар максаттуу пайдаланылып жатканы, ал эми санариптик чечимдер этап-этабы менен билим берүү процессине ийгиликтүү киргизилип жатканы белгиленди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө билим берүү системасын санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Аймактардагы мындай мониторингдер мектептердин даярдыгын жогорулатып, окуучуларга сапаттуу билим берүүгө өбөлгө түзөт.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер