НАРЫН: БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР

  • 28.08.2026
  • 0

Нарын районундагы жана Нарын шаарындагы мектептер менен балдар бакчалары  жаңы окуу жылына даяр.

НАРЫН: БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР

НАРЫН: БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР

27-августта Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмү мугалимдердин август кеңешмесин өткөрдү. Анда 2025–2026-окуу жылында аткарылган иштер, жетишилген ийгиликтер, билим берүү мекемелерин окуу китептери менен камсыздоо, ЖРТнын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилип, алдыдагы милдеттер белгиленди.

Маалыматка таянсак, Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмүңдө 40 мектеп, 44 бала бакча жана 2 балдардын чыгармачыл борбору бар.

Мектептердин кезектеги ремонтуна республикалык бюджеттен 6 миллион  609 миң 400 сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 285 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы мектеп Азия өнүктүрүү банкы тарабынан, №7 М.Сыдыков атындагы мектеп жана №17 “Ынтымак” балдар бакчасы республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык ремонттон өтүп, окуу жылына даяр. Ал эми Нарын районунда беш мектеп, үч бала бакча капиталдык оңдоодон өттү.

31-август өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Нарын районунда жаңы салынган эки мектеп, бир бала бакча пайдаланууга берилет.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер