ӨНӨРЛҮҮ ОКУУЧУ КЫЗДАР

  • 09.03.2022
  • 0

Аксы районундагы Асанбек Кабаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 8-Март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Аялдардын улуулугун барктайлы»деген темада окуучу кыздардын арасында маданий иш-чара болуп өттү.

ӨНӨРЛҮҮ ОКУУЧУ КЫЗДАР

Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, ага ата-энелер да жигердүү катышты. Ааламдын тиреги — Энелердин улуулугуна, сулуулугуна арналган мыкты обондуу ырлар, көркөм окуулар аткарылып, ал көрүүчүлөр тарабынан кызуу кабыл алынды.

ӨНӨРЛҮҮ ОКУУЧУ КЫЗДАР

Кыздардын кол өнөрчүлүгү, уз-чеберчилиги, дасторкон даярдоо боюнча көргөн камылгалары, сарамжалдуулугу иш-чаранын көркүн ачып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.

Кыргыз элинен чыккан даанышман аялдардын образын жараткан окуучу кыздар баалуу белектер менен сыйланды. Бул иш-чара энелерди сыйлоого, урматтоого үндөдү.

ӨНӨРЛҮҮ ОКУУЧУ КЫЗДАР

Айрыкча, ата-энелердин мектеп менен байланышын чыңдап, биргеликте иштөөгө өбөлгө түздү.

Абдыжапаров Шамшарбек, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер