ӨНӨР ЖАЙ ЖАНА АГРОӨНӨР ЖАЙ КОМПЛЕКСИ ҮЧҮН КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО ЖААТЫНДА МЕМОРАНДУМДУН ДОЛБООРУНА КОЛ КОЮЛДУ

  • 24.11.2021
  • 0

24-ноябрда видеоконференц байланыш режиминде Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси үчүн кадрларды даярдоо жаатында өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү боюнча меморандумдун долбооруна кол коюу аземи болду.

Кол коюу аземине ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин билим берүү жана айыл чарба министрликтеринин жетекчилери катышты. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен министрдин орун басары Айгүл Абдраева катышты.

Меморандумда алардын алкагында мүчө мамлекеттер кызматташуу программаларын жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландарын даярдап, ишке ашыруу аркылуу өз ара кызматташтыкты чыңдоого даяр болгон билим берүү жаатындагы артыкчылыктуу багыттар аныкталды.

Атап айтканда, документте билим алуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн камсыздоо, көбүрөөк суроо-талап жараткан жана келечектүү адистиктер боюнча биргелешкен билим берүү программаларын жана онлайн курстарды даярдап, киргизүү, кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ж.б. бир катар багыттар камтылган.

Меморандумдун жоболорун ишке ашыруу мүчө мамлекеттерде жогорку окуу жайлар аралык өнөктөштүк системасын бекемдөөгө, кесиптик компетенттүүлүктөрдүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө.

 

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер