Өнөктөштөр мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошот

  • 08.02.2024
  • 0

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтү «Универсал Компани ЛТД» ЖЧКсы менен «Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында мектепке чейинки билим берүү уюмун куруу жана башкаруу” долбоору боюнча МЖӨ макулдашуусуна кол койду.

Өнөктөштөр мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошот

Бул алгачкы долбоор Билим берүү жана илим министрлигинин, МЖӨ борборунун жана БУУнун Балдар фондусунун мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишинин натыйжасын билдирет. Анын максаты — республика боюнча бала бакчалардын инфраструктурасын жакшыртуу, мектепке чейинки мекемелерди уюштуруу жана башкаруу үчүн жеке инвесторлорду тартуу.

Бала бакчанын курулушу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундардын жетишсиздигин чечүүгө жана балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартууну көбөйтүүгө багытталган.

Өнөктөштөр мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошот

Бул типтүү сунуштардын долбоорлору жана конкурстук документтердин долбоору 2021-жылдын 11-августундагы № 98 “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана бекитилгени маалым.

Аталган типтүү документтер келишим түзгөн тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн бир нече моделдерин камтыйт, анын ичинде курулуш, реконструкциялоо, реставрациялоо, башкаруу, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдик формаларын уюштуруу бар.

Бөлүшүү

Комментарийлер