ӨНҮҮГҮНҮН ГЛОБАЛДЫК ДЕМИЛГЕСИ

  • 16.04.2026
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында «Өнүгүүнүн глобалдык демилгеси жана Борбордук Азияны модернизациялоо» аталышында эл аралык илимий конференция өз ишин баштады.

ӨНҮҮГҮНҮН ГЛОБАЛДЫК ДЕМИЛГЕСИ
Аталган иш-чара И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Ланьчжоу университети тарабынан өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Салтанат Аманова, Айгүл Карабекова, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, КЭРдин Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси Ли Хуа, Ланьчжоу университетинин саясат жана эл аралык мамилелер институтунун деканы Чжу Юнбяо, жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамы, белгилүү окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана эксперттер катышууда.
Конференциянын максаты: Борбордук Азия аймагындагы заманбап өнүгүү процесстерин, аймактык динамиканы жана эл аралык кызматташтык маселелерин кеңири талкуулоо.
Иш-чара КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.

Салкынай САЛМООРБЕКОВА, “Кут Билим”, И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер