ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨЛҮ

  • 01.02.2023
  • 0

31-январда Билим берүү жана илим министрлигинин Илимий-техникалык кеңешинин чоң жыйыны болуп өттү. Анда 2023-жылга карата республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин тизмегин бекитүү маселеси каралды.

ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨЛҮ

2023-жылга мамлекеттик заказдын алкагында 140 жаңы илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштери Билим берүү жана илим министрлигине келип түшкөн. Анын ичинен: мамлекеттик органдардан – 109 тема, жогорку окуу жайлардан – 31 тема. Жалпысынан 66 тема Илимий-техникалык кеңештин тандоосунан өтүп, конкурска министрликтин расмий сайтына жарыяланды. 59 темага билдирмелер келип түштү.

Билим берүү жана илим министринин орун басары, илимий-техникалык кеӊештин төрагасы Расул Абазбек уулу өз сөзүндө республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин жыйынтыгы өндүрүшкө кирүүсү керектигин баса белгиледи. Илимий иштер акырына чейин туура уюштурулса, биздин мамлекеттин социалдык-экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт, ошондуктан каржынын эффективдүү пайдаланылышына ар бир илимий жетекчи жооптуу деди. Ал мезгил талабына ылайык илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин саны жылдан жылга сапатка өтүшү зарыл деп кошумчалады.

ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨЛҮ

Жалпысынан 2022-жылга карата мамлекеттик заказдын алкагында 204 илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер каржыланып, аткарылды да, отчёттору тапшырылды. Булар: илимдин айыл-чарба багыты боюнча – 68, медицина багыты боюнча – 54, техника багыты боюнча – 40, табигый-математикалык багыты боюнча – 15, коомдук-гуманитардык багыты боюнча – 27. Аяктоочу илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер – 104, улантылып жаткандары – 100.

2022-жылда илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруунун  жыйынтыгы боюнча 54 патент алынган, 20 билдирме патент алууга берилген, 16 монография,  165 макала эл аралык илимий журналдарда жарык көргөн, 624 илимий макала Улуттук аттестациялык комиссиясынын тизмегиндеги илимий журналдарга басылган.

Белгилей кетсек, 2020-жылдан баштап илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди  каржылоо үчүн конкурска билдирмелерди баалоо жана кабыл алуу электрондук форматта жүргүзүлүүдө.

 

Өз кабарчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер