Мыктылар аныкталды

  • 19.05.2026
  • 0

2026-жылдын 12-майында «М. Рыскулбеков атындагы КЭУ» ИИУнун алдындагы ЭжСК жалпы орто билим берүү бөлүмүндө «Мыкты окутуучу», «Мыкты куратор» жана «Мыкты предметтик комиссия» сынактары ийгиликтүү өткөрүлдү.

Мыктылар аныкталды

Иш-чара педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, билим берүү процессине заманбап окутуу ыкмаларын киргизүү, чыгармачыл мугалимдерди колдоо жана жаш окутуучуларга үлгү боло турган алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу максатында уюштурулду. Ошондой эле сынактын негизги максаттарынын бири — окутуучулардын жана кураторлордун ишмердүүлүгүнө баа берүү менен алардын чыгармачылык демилгесин арттыруу болду.

Мыктылар аныкталды

Сынактын алкагында окутуучулар жана кураторлор ар түрдүү дисциплиналар боюнча презентацияларын, ачык сабактарын жана тарбиялык иш-чараларын көрсөтүштү. Катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын, окутууга болгон чыгармачыл мамилесин жана кесиптик компетенттүүлүгүн көрсөтө алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө математика, англис тили, дене тарбия, «Кеп маданияты» сабактары, ошондой эле актуалдуу темалар: «Бир мугалим – миң тагдыр», «Кесиптерге саякат», «Карылар үйү муктаждыкпы же коомдун көйгөйбү?», «Конституция» деген социалдык жана тарбиялык мааниси зор куратордук сааттар өткөрүлдү. Предметтик комиссиялар арасында «Мамлекеттик жана расмий тилдер» предметтик комиссиясынын ишмердүүлүгү өзгөчө белгиленип, окутуучулардын чыгармачыл жана уюшкан иши жогору бааланды.

Сынактын жыйынтыгында төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:

«Жылдын мыкты окутуучусу»

I орун — Дүйшөналиева Ф.М. (математика сабагыны окутуучусу)

II орун — Азаева Г.Э. (дене тарбия сабагынын окутуучусу)

III орун — Назарбаева И.Т. (чет тили сабагынын окутуучусу)

«Жылдын мыкты куратору»

I орун — Рахматова Т.А. — СТ1-25 тайпасынын куратору (кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын мугалими), Амадинова Г.М. — СЭ1-25 тайпасынын куратору (чет тили сабагынын окутуучусу)

II орун — Шамшидин К.Э. — СБ3-25 тайпасынын куратору (география сабагынын окутуучусу)

III орун — Назарбаева К.Т. — СО1-25 тайпасынын куратору (математика сабагынын окутуучусу)

Сынактар кесиптик кызматташтык, педагогикалык чеберчилик жана активдүү тажрыйба алмашуу атмосферасында өттү. Калыстар тобу сабактардын мазмундуулугун, заманбап билим берүү технологияларынын колдонулушун жана иш-чаралардын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын өзгөчө белгилешти.

Мыктылар аныкталды

Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга дипломдор, ыраазычылык каттары жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле байгелүү орундарды алган катышуучуларга атайын акчалай сыйлыктар ыйгарылып, алардын билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана кесипкөйлүгү жогору бааланды.

Мындай сынактар педагогдордун чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө, кесиптик өсүшүнө жана билим берүү сапатын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөрү белгиленди.

Бөлүшүү

Комментарийлер