МЫКТЫ ЖУРНАЛИСТТЕР АНЫКТАЛДЫ

  • 16.02.2023
  • 0

2022-жылы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду  тарабынан  журналистер жана блогерлер арасында тоолуу аймактардагы мектепке чейинки билим берүүнүн зарылдыгын чагылдыруу, балдарды өнүктүрүүгө багытталган “Жайлоо өнүгүү борборлору” ишмердүүлүгүн жайылтуу жана мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кеңири коомчулуктун, ата-энелердин жана ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн буруу максатында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

МЫКТЫ ЖУРНАЛИСТТЕР АНЫКТАЛДЫ

Эң мыкты видео-материал номинациясында:

I орун: “Настоящее время” каналынын журналисти   Мучкина Александрага “Как учатся дети в горах” материалы үчүн;

II орун: Аймактык Нарын телевидениесинин журналисти  Садыкказиева Жыпарага  “Жашыл шибердеги бакча”  сюжети үчүн;

III орун: “МИР” телеканалынын журналисти Аматбекова Аидага “Сотни детей бесплатно посещают образовательные центры в горах Кыргызстана” сюжети үчүн ыйгарылды.

Эң мыкты газетадагы жана интернет басылмадагы макала номинациясында:

I орун: “Талас байрагы” газетасынын кабарчысы  Тилекматова Акинайга макалалардын  сериясы үчүн;

II орун: “Каракольская правда” газетасынын кабарчысы  Толонбай кызы Элнурага жана “Теңир тоо” газетасынын кабарчысы  Турдалиева Гүлнарага макалалардын сериясы үчүн;

III орун: “Талас байрагы” газетасынын кабарчысы Бейшеналиев Жоомартка  “Жайлоонун салкын абасы-балдардын жок сарсанаасы” макаласы үчүн ыйгарылды.

Эң мыкты радио берүү жана подкаст үчүн:

II орун: “Жамааттык медиа” каналынын журналисти Кубатбекова Айгерим түз эфирде атайын уюштурган программасы үчүн ыйгарылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер