“МЫКТЫ САБАК”: МЫКТЫЛАР АНЫКТАЛДЫ
- 17.12.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Манас» эпосу жөнүндө жана 2022-жылдын 22-апрелиндеги “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы — «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында жана алп манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракесине карата Бишкек шаарынын Ленин районундагы мектеп мугалимдеринин арасында кароо-сынак өткөрүлдү.
Маалыматка таянсак, Ленин районунун Билим берүү башкармалыгына караштуу жалпы билим берүү уюмдарында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун окуучуларга жеткирүү максатында мугалимдер арасында “Мыкты сабак” кароо-сынагы болуп өттү. Сабак өтүлүп, мугалимдер тест тапшырышты.
Кароо-сынакка жалпысынан Ленин районунун мектептеринде иштеген 21 мугалим катышып, жыйынтыгында төмөнкү мектептердин мугалимдери байгелүү орундарга жетишти:
№55 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Чоюбекова Назгүл баш байгеге ээ болсо, 1-орунду №68 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Турусбекова Төркүнбү жана №25 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдрахманова Сагина багындырды. 2-орунга №79 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Чакешова Назгүл ээ болду. Ал эми 3-орунду №117 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Разиева Гүлнара камсыз кылды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер