МЫКТЫ ОКУУЧУЛАР КМУДА

  • 28.03.2024
  • 0

27-мартта И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтуна Кыргызстандын жети облусунан мыкты деп табылган 200 окуучу келди.

МЫКТЫ ОКУУЧУЛАР КМУДА

Иш-чаранын жүрүшүндө, КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу бүгүнкү күндө университет ар тараптан өнүгүп, билим берүү программаларын жакшыртуунун, студенттердин билим сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнүн үстүндө иш алып барып жаткандыгын баса белгилеп, окуу жай студенттердин билим алышына бардык шарттарды түзүп келгендигин кошумчалады. Ошондой эле окуучуларга университет жөнүндө маалыматтык видеотасма жана И.Арабаев боюнча тартылган документалдуу фильм көрсөтүлдү.

Университеттин алдыңкы студенттери И.Арабаев атындагы КМУну эмне үчүн тандаганын, жетишкен ийгиликтери менен бөлүштү. Университетти тааныштыруу максатында окуучулар үчүн экскурсия уюштурулду.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер