“МЫКТЫ ОКУТУУЧУ, СТУДЕНТ”

  • 15.02.2023
  • 0

“МЫКТЫ ОКУТУУЧУ, СТУДЕНТ”

14-февралда Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин факультеттеринин, колледждеринин окутуучуларынын жана студенттеринин  арасында   “Мыкты окутуучу, студент ” аттуу интеллектуалдык таймаш болуп өттү.

“МЫКТЫ ОКУТУУЧУ, СТУДЕНТ”

Таймаш үч бөлүктөн туруп, логикалык ой жүгүртүүнү өрчүтүүчү, личносттор, белгилүү инсандар  тууралуу, “Мыкты оюнчу” үчүн тандалган суроолор берилди. Командалардын курамы үч окутуучу, үч студент болуп алты адамдан куралып, жалпы 12 команда катышты.

Соңунда 1-орунду инженердик-технологиялык факультетинин «Мурас» командасы, 2-орунду Кесиптик колледжинин «Позитив» командасы, 3-орунду табигый-педагогикалык жана маалыматтык-технологиялар факультетинин «Билим» командасы багындырды.

Ал эми «Мыкты интеллектуал окутуучу» деп Кесиптик колледждин окутуучусу Уларбек Козукеев, «Мыкты интеллектуал студент» деп табигый-педагогикалык жана маалыматтык-технологиялар факультетинин студентти  Махларой Хасанбаева табылды.

“МЫКТЫ ОКУТУУЧУ, СТУДЕНТ”

КӨЭАУнун ЭАБИжИ ишмердүүлүгү боюнча проректору Балтабаева Аида, «Билерман ордо» телеоюнунун негиздөөчүсү, алып баруучу Талантбек Канатбек уулу, «Жетиген»  журналынын өкүлү Ырысбай Жумашов интеллектуалдык таймашка баштан аяк күбө болуп, өздөрүнүн пикирлерин айтып, жеңүүчүлөргө белектерди тапшырышты.

“МЫКТЫ ОКУТУУЧУ, СТУДЕНТ”

Таймаш  окутуучулар менен студенттердин арасында өз ара изденүүгө түрткү берүү, жаштардын дүйнө таанымын, логикалык ой жүгүртүүлөрүн, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, жаш окутуучулардын  студенттер менен тыгыз байланышта иш алып баруусун күчөтүү максатында өткөрүлдү.

Уюштуруу иштерин  университеттин ЭАБИжИ боюнча  ишмердүүлүгүнүн  «Интеллектуалдар» борбору колго алган.

Ч.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер