МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

  • 12.10.2020
  • 0

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техникаэкономикалык колледжинин администрациясы 5-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнүнө карата окуу жыл ичинде мыкты ийгиликтерди жараткан, коомдук иштерге активдүү катышкан колледждин окутуучуларын сыйлады.

МЫКТЫ МУГАЛИМДЕР АНЫКТАЛДЫ

Окуу жайдын тарбиялык иштери жана мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү боюнча директордун орун басары Адила Рысалиеванын берген маалыматына таянсак, 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен Техника-экономикалык колледжинде иштелип чыккан «Жоболордун» негизинде ѳткѳрүлгѳн «Мыкты куратор» жана «Мыкты мугалим» кароо-сынагынын жыйынтыгы менен жеңүүчү болуп чыккан мугалимдер дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. «Мыкты мугалим» номинациясында 1-орунга чыккан Айнура Көкөева 1-даражадагы диплом жана ноутбук менен сыйланса, «Мыкты куратор» номинациясында 1-орунду багындырган Мырзайым Чоюбекова да 1-даражадагы диплом жана ноутбук менен сыйланды.

— 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен Техника-экономикалык колледжинде мыкты куратор катары иш алып баргандыктары үчүн колледждин «Ыраазычылык каты» менен Мырзабек уулу Самат жана Каипова Нургиза сыйланышты. Ал эми 2020-2021-окуу жылына карата колледждин үгүт иштерине жигердүү ѳз салымдарын кошкондуктары үчүн колледждин мугалимдери А.Көкөева 3-даражадагы диплом, Б.Султанова 2-даражадагы диплом жана Э.Орозбаев 1-даражадагы дипломго татыктуу болушту. Мындан тышкары, 2020-2021-окуу жылына карата колледждин үгүт иштерине жигердүү ѳз салымдарын кошкондуктары үчүн мугалимдер: Н.Ибраева, Г. Мундузбаева, К.Мукушева, А.Рысалиева, Ч.Алыбаева, З.Тентимишоваларга колледждин «Ыраазычылык каты» тапшырылды. Ошондой эле 2020-2021-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча жигердүү ак эмгеги, дүйнөдө түзүлгөн кырдаалга карабай иш алып баргандыктары үчүн кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү да «Ыраазычылык каты» менен сыйланышты. Алар: А.Барпиев, С.Мырзабек уулу, М.Разылкан уулу жана А.Жоломанова, — дейт А.Рысалиева.Келечектеги жаш муундарды тарбиялоодогу ак ниет эмгеги, мыкты кызматкер катары иш алып баргандыгы үчүн Техника-экономикалык колледжинин Административдик жана чарба иштери боюнча директордун орун басары Н.Кылычбеков «Ыраазычылык каты» жана 4000 сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлык менен сыйланганын айтып кетпесек болбостур.

Колледждин администрациясы бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежени сактоо менен иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп, жаңы окуу жылына мугалимдердин шыгына шык, күчүнө күч, дем берди. Окуу жайдын директору Жыргалбек Шаршембиевдин айтуусу боюнча, өткөн окуу жылында колледждин студенттери аралыкта окуса да билим берүү программаларын инновациялык, педагогикалык жана маалымат технологияларын окуу процессинде колдонуу менен өздөштүрүштү. Албетте, бул ийгиликтин артында мугалимдер турушат.

— Ооба, өткөн окуу жылында аралыктан окутууну жакшы бир нукка, ирээттүү жолго салып алдык. Студенттер менен болгон кайра байланышуу (обратная связь) жакшы жолго коюлду. Ошондо мугалимдерди шыктандыруу максатында “Эң мыкты аралыкта өткөрүлгөн сабак” аттуу конкурс жарыялагам болчу. Администрация тарабынан эң мыкты деп табылган сабактын мугалимдери акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланат деп убада кылгам. Мына ошол сынактын жыйынтыгын чыгардык. Ага жаңы окуу жылына карата студенттерди кабыл алууда профориентацияда активдүү катышкандардын эмгеги да эске алынды. Ошондуктан мугалимдердин эмгегин калыс карап, бааладык. Сынак таза жана адилеттүү өттү деп эсептейм. Ал жерде бир эле жетекчилер эмес, комиссия карап, таразага салып, чечилди. Тактап айтканда, 1-орунга чыккандарга ноутбук жана диплом; 2-орунга — 3500 сом, диплом; 3-орун — 2500 сом, диплом жана активдүү катышкандарга ыраазычылык кат тапшырдык, — дейт директор.

Карантин учурунда окутуучулар биринен бири өтүп, өз жөндөмдөрүнө, чыгармачылыктарына жараша күндөн-күнгө аралыктан окутуунун эң мыкты усулдарын өздөштүрүп, видеосабактарды түзүп, натыйжалуу иштерди аткарып жатышкандары тууралуу биз жазган элек. Сынактын биринчи эле күнүндө чыгармачыл мугалимдердин сап башында окуу жайдын тажрыйбалуу мугалимдери З.Тентимишова, А.Көкөева, Э.Атабековалар турушту.

Аралыкта окутууда мугалимдер, кураторлор тынымсыз ата-энелер менен телефон аркылуу байланышып иштеп жатышты. Ошондуктан студенттердин сабакка катышуусу да абдан жакшы болду. Анткени өзүм отуруп алып баарын көзөмөлдөп жаттым. Мына жаңы окуу жылын да эч кандай кыйналбай, кысталбай эле баштадык, — дейт Ж.Шаршембиев.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Маалымат үчүн:

МЫКТЫ КУРАТОР НОМИНАЦИЯСЫНА:

3-орунду алгандыгы үчүн – Алыбаева Чынара Мелисбековна 3-даражадагы диплом жана 2500 (эки миң беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлык.

3-орунду алгандыгы үчүн – Молдобаева Роза Үсөнакуновна 3-даражадагы диплом жана 2500 (эки миң беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлык.

3-орунду алгандыгы үчүн – Султанова Батма Ажымаматовна 3-даражадагы диплом жана 2500 (эки миң беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлык.

2-орунду алгандыгы үчүн – Мундузбаева Гүлнара Токтобековна 2-даражадагы диплом жана 3500 (үч миң беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлык.

2-орунду алгандыгы үчүн – Ибраева Назгүл Төлөмүшовна 2-даражадагы диплом жана 3500 (үч миң беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлык.

1-орунду алгандыгы үчүн – Чоюбекова Мырзайым Чоюбековна 1-даражадагы диплом жана ноутбук менен сыйланды.

МЫКТЫ МУГАЛИМ НОМИНАЦИЯСЫНА:

3-орунду алгандыгы үчүн – Тентимишова Замира Абдыжапаровна 3-даражадагы диплом жана 2500 (эки миң беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлык.

3-орунду алгандыгы үчүн – Атабекова Элмира Таштемировна 3-даражадагы диплом жана 2500 (эки миң беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлык.

2-орунду алгандыгы үчүн – Уркунбаева Аида Надырбековна 2-даражадагы диплом жана 3500 (үч миӊ беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлык.

1-орунду алгандыгы үчүн – Көкөева Айнура Баясовна 1-даражадагы диплом жана ноутбук менен сыйланды.

МУГАЛИМДИК КЕСИПТИН СЫРЛАРЫ

А.Көкөева, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу, «Мыкты мугалим» сынагынын жеңүүчүсү, 1-орун.

Мугалимдик кесип – кесиптердин башатында тураарын баарыбыз жакшы билебиз. Башаттын башынан суу ичкен сыңары, бизден билимге сугарылган окуучу же студент өз жолунда каалаган кесипти тандоо менен, турмуш жолун улап кетет.

Ал эми мугалим тепкичтен тепкичке жогорулаган, жыл сайын учурган окуучулары, студенттери менен сыймыктанат. Кадимкидей канат байлап, жакшы кесиптин ээси болуп, атак алган инсан чыкса ого бетер чыйралат. Мугалим үчүн окуучунун жаманы жок. Баарына тең карап, бирдей мамиле жасайт, анткени анын жан-дүйнөсү ошондой. Жан-дүйнө демекчи, бала менен бала болуп, анын тилин таап, ата-энеден кийинки билим саяпкери болуп берет. Кыйынчылыкка, материалдык керектөөгө, убакытка, ден соолугуна карабастан, коомдун улам жаңы мүчөлөрүн тарбиялаганы тарбиялаган. Кыргыз элинин белгилүү педагогдорунун бири болгон Бектурсун Алымов агайдын сөзү менен айтканда:”Мугалим – адамдардын жан-дүйнөсүнүн жараатын өзүнө билгизбей айыктыруучу дарыгер”.

Мына ушундай түйшүктүн ээси болгон мугалим-окутуучулар биздин К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде да арбын. Өз кесибин жанындай жакшы көрүп, орто кесиптик билим берүүдө, кесипкөй адистерди даярдоодо талыкпай иштеп жатышат. Колледжибизде студенттер үчүн да, окутуучулар үчүн да бардык шарттар түзүлүп, тажрыйбалуу жана өз ишине берилген дилгир жетекчибиз, техн.и.д., профессор Ж.С.Шаршембиевдин демилгеси менен көп иштер аткарылып келет.

Мугалимдик кесипте өз ишин мыкты билүү үчүн, албетте, биринчи кезекте анын билими, таланты, усулдугу, устаттыгы керек деңизчи, бирок ал жетишсиз. Азыркы замандын талабына ылайык, окуучу же студенттин аң-сезимин, билимин, тарбиясын,туюу сезимин, жашоосун ар тараптуу кылып өстүрүүдө мугалим ошого даяр жана татыктуу болуусу зарыл. Ага жетишүүнүн сырларынын башында, албетте, чогуу иштеген жамаатың жана жетекчилик турат деп билемин. Сени колдогон, урматтаган ынтымактуу жамаатың жана керектүү шартыңды түзүп берип, талапты катуу коюп, иштеп жаткан ишиңдин сапатына баа бере билген жетекчилигиңдин болушу абзел. Мына ошондо сенин жогорудагы санап өткөн мыкты деген сапаттарың кашкая чыга келет.

Андан кийинки сыр бул – атаандаштык. Мына ушуну жаратууда биздин колледжибизде жыл сайын “Эң мыкты куратор”, “Эң мыкты окутуучу”, “Эң мыкты дарскана” деген атайын шарттары менен Жоболору иштелип чыккан кароо-сынактары уюштурулуп, анын жыйынтыктары октябрь айындагы мугалимдер күнүндө чыгарылып турат. Жеңүүчүлөр менен алдыңкыларга акчалай жана баалуу сыйлыктар ыйгарылып, грамота жана дипломдор менен сыйлоо аземи өткөрүлөт. 2019-2020-окуу жылында колледж ичиндеги биздин жалпы билим берүү бөлүмүндөгү өз ара атаандаштык жогорку чегинде болду деп айтууга толук мүмкүнчүлүгүм бар. Анткени биздин бөлүмдө башка бөлүмдөр сыяктуу эле, өз ишин жакшы билген, тажрыйбасы күчтүү, такшалган, жаш жана көп жылдык эмгеги сиңген эже-агайлар иштешет. Алардын катарында,”Эл агартуунун мыктысы” З.А. Тентимишова, Н.Ж.Утемисова, Э.Т.Атабекова, С.А.Осмоналиева, жаш окутуучулар К.О.Мукушева, Мырзабек уулу Самат, М.Ч.Чоюбекова ж.б. бар.

Мына ушундай окутуучулардын арасынан жеңишти илип алуу оңойго турган жок. Анын үстүнө жалпы адамзаттын башына түшкөн оор кырдаал, пандемия учурундагы бизге тааныш эмес онлайн, видео-сабактарды даярдоо, балдарды аралыктан окутуунун шарттары жакшы эле кыйынчылыктарды жаратты. Көндүм адаттан тышкары болгон мындай шартта видео-сабактарды даярдоо, материал издөө, үн жазуу, кооздоо жана аны балдарга жеткирүү көп эле машакаттарды алып келди. Өзгөчө алгачкы этаптардагы бир бөлмөдөн чыкпай, таза аба жутпай, даярдаган сабагың жарабай калып, таң атырган күндөр артта калды. Ооба, баарыбыз кыйналдык. Анын ичинде шарты жок мугалимдер, ата-энелер, телефону жок балдар, интернети тартпаган айылдар, санай берсек четинен чыгат. Баарына чыдадык.

Ыймандай сырды айтуу керек. Жанталашып даярдаган сабагың окшошпой калганда, башкалар жаркыратып даярдап, ар кандай программалар менен кооздогондо, ага окшотом деп үйдөгүлөрдү “үйрөтүп койчу” деп кыйнаганда, кыйналгандагы учурлар, өңгөдөн да окшош видеолор, материалдар кетип калганда, “көчүрүп алыптыр” деп айтат го деп уялганда же, “кантип жасадың?” деп суроодон намыстангандагы күндөр артта калды. Мына атаандаштык, мына алдыны көздөй умтулуу деп ушуну айт. Жыйынтыктоону төмөндөгү ыр саптарым менен аяктагым келип турат.

Мугалиммин – канаттарым жайылган,

Аалымдыгым – Алла берген табылгам.

Дарак көрсөң мөмөлөгөн, ийилген,

Мен ошонун ар бир бутак, сабындамын.

Кесибим оор, күндүр-түндүр эс албаган,

Максатым зор, билим берүү талбаган.

Жашоом кызык, балдар менен бала болуп,

Бул түйшүктү билип туруп тандагам.

Бөлүшүү

Комментарийлер