«МЫКТЫ МУГАЛИМ — 2023»

  • 13.04.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган  «Мыкты мугалим  — 2023» кароо-сынагынын райондук/шаардык  туру  Сүлүктү шаарында 12-апрель күнү жыйынтыкталды. Аталган кароо-сынакка жалпы сегиз мугалим катышып,  В.И.Ленин атындагы  №1 орто мектебинин тарых жана география мугалими Альфина Абдукаримова 1-орунду багындырып, облустук баскычка  катышууга жолдомо алды.

"МЫКТЫ МУГАЛИМ - 2023"

Маалыматка таянсак, үч күнгө созулган сынакта шаардагы бардык мектептерден тандалып чыккан мыкты мугалимдер өздөрүнүн компьютердик сабаттуулук, азыркы заманбап ачык сабактарды өтүп, ошондой эле сахна чеберчилиги, өзүн-өзү тааныштыруу, класс чеберчиликтерин көрсөтүү боюнча ат салып, мыктылардын мыктысы тандалып алынды.

Катышуучуларды шаардын вице-мэри Бакытбек Тагаев, билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ырысова, усулкаана башчысы Темиржан Кудайбердиева, кесиптик бирликтин төрагасы Канатбек Кудаяров жана шаардагы педагогикалык  колледжинин башчысы Райхан Калдыбаевалар калыс баалап, жыйынтык чыгарышты. Сүлүктү шаардык кесиптик бирлиги тарабынан мугалимдер баалуу белектер, дипломдор менен сыйланышты.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер