МУРАТБЕК КАСЫМАЛИЕВ «ЫСЫК-КӨЛ ДОСТОРДУ ЧОГУЛТАТ-2024» ЭТНО — КАРНАВАЛЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

  • 06.07.2024
  • 0

6-июлда Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев  «Ысык-Көл досторду чогултат-2024» этно – карнавалынын Кыргызстан, Беларус, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Якутиядан келген делегация мүчөлөрү менен жолукту.

Жолугушууда билим берүү жана илим министринин орун басары этно-карнавал быйыл 14- ирет өткөрүлүп жатканын баса белгилеп, мындай иш-чаралар эл аралык достукту чыңдоодо, билим берүү системасында бирдиктүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө ролу чо экендигин айтты. Ошондой эле быйылкы иш-чара Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөнүнүн 100, Билим берүүнүн 100 жылдыгына туш келгенин кошумчалап, катышуучуларга өз белектерин тапшырды.

Этно-карнавалдын катышуучулары быйылкы иш-чаранын мүчөсү болгондугуна ыраазычылыгын билдирип, Советтер союзундагы мамлекттердин башын бириктирген эл аралык деңгээлдеги сынак экендигин белгилешти. Кошумча билим берүү мекемелеринде тарбияланган окуучулардын колунан жасалган белектерин тартуулашты.

Эскерте кетсек, 6-12-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык “Балажан” эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору – Кыргызстандагы биринчи ЮНЕСКО клубу “Ысык-Көл досторду чогултат – 2024” XIV эл аралык этно-карнавалды өткөрүүдө.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер