МУГАЛИМДИН КҮНДӨЛҮГҮ» КОНКУРСУ СТАРТ АЛАТ!

  • 09.02.2021
  • 0

Киши өзгөчө кырдаалга туш келип, эмоциялары көкүрөгүнө батпай, бүдөмүк ойлору түйшөлтүп туруп алганда күндөлүк жазат. Бир эсе, күндөлүк кишинин ээ-жаа бербеген сезимдерин чыгарууга жол ачса, экинчи жагынан, акыл токтотуп,  болуп өткөн нерселердин маанисин, кийинки жашоого тийгизе турган таасирин  аныктап чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Былтыр дүйнөнү каптаган COVID илдети мугалимдерди ошондой аргасыз абалга кептеп,  агартуучулук тажрыйбасында көптөгөн жылдар бою ишенимдүү колдонуп келген окутуу усулдарын жарактан чыгарып, кыйла түйшүккө салды.  Бүгүн сабак берген ар бир мугалимдин  күндөлүккө жаза турган сөзү, бөлүшө турган ойлору көп.  Андай күндөлүктөр билим берүүнүн СOVID шартында калкып чыккан маселелерин гана ачыктабастан, агартууга карата жаңыча көз карашты калыптандырууга да жардам берет. Ошондуктан азыр мугалимдерибизде күндөлүк жазып, өздөрү туш келген маселелерди коомчулукка билдирип, андан алган сабактарды белгилеп,  билим берүүнү жаңыча уюштуруу боюнча идеяларды бөлүшө турган зарылдык жаралды. Анткени СOVIDден кийинки билим берүү мурдагыдай болбостугуна ар бир мугалимдин көзү жетип турат.

ОУ «Мугалимдин күндөлүгү» конкурсун жарыялап, агартуучулардын СOVID шартындагы тажрыйбаларын бөлүшүүгө чакырат.

Конкурстун шарттары: Times New Roman, 12 шрифт жана 1,5 интервалда терлиген 5 тен 10 бетке чейинки текстте COVID шартындагы өз башыңыздан өткөргөн кызыктуу окуя тууралуу баяндап бериңиз.

Кабыл алуу: 8- февралдан 1-мартка чейин.

Электрондук дареги: [email protected]

Конкурстун жыйынтыгы боюнча:

1; 2; 3- орундарга экиден жеңүүчү тандалып, байгелер берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер