МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН БААЛАГАН “КРЕАТИВ-ТААЛИМ”

  • 15.06.2021
  • 0

Бишкек шаарындагы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүүчү жалгыз жеке менчик “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин жетекчилиги окуу жылындагы ийгиликтерин баалап, төрт мыкты мугалимин Түркия өлкөсүнө саякатка жөнөттү. 

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН БААЛАГАН “КРЕАТИВ-ТААЛИМ”

Маалыматка таянсак, математик, кыргыз тилчи жана музыка мугалимдери:  Акматов Искендер, Чечеева Майрам, Молдогазы кызы Гүлгаакы жана Бегалиева Үмүткө жолдомону “Креатив-Таалим” алып берген.

Биздин билишибизче,  мектеп тарабынан чет өлкөгө саякатка жөнөтүлгөн бул үчүнчү топ. Буга чейин дагы беш  мугалим Дубайга жана Түркияга барып келишкен.

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН БААЛАГАН “КРЕАТИВ-ТААЛИМ”

Айтмакчы, бул мектептин  быйылкы окуу жылынын 14 бүтүрүүчүсүнүн ичинен  үч бүтүрүүчүсү “Алтын тамга» сертификатына ээ болушту.  Ал эми дагы бир бүтүрүүчү республикалык тесттин жыйынтыгындагы республикадагы эң мыкты 50 бүтүрүүчүнүн катарына кирген.

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН БААЛАГАН “КРЕАТИВ-ТААЛИМ”

Баса, “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин негиздөөчүсү жана жетекчиси, КРнын эмгек сиңирген мугалими Дайырбекова Гүлнара жамаатына дайыма мотивация берип, өзүнүн жөнөкөйлүгү, адамгерчилигинин бийиктиги менен мугалимдерди алдыга сүрөп, жаңычыл ыкмаларды үйрөтүп, эң башкысы ата-энеси ишенип берген балдарга сапаттуу билим берүүгө баардык күч-аракетин жумшап келаткан нукура жетекчи.

Мугалимдин эмгегин баалаган жетекчилер арабызда арбын болсун!

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер