МУГАЛИМДИН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН ЫР ЖЫЙНАК ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 20.06.2020
  • 0

МУГАЛИМДИН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН ЫР ЖЫЙНАК ЖАРЫК КӨРДҮ

 

 

Ала-Бука районунун жаш таланттарынын ырлар жыйнагы «Сезим сергиткен ырлар» деген ат менен Бишкек шаарындагы «Рекламир» басмасынан жарык көрдү. Сыясы кургай электе жаны китептин бет ачары болуп өттү.

Мындай саамалыкты акимдин орун басары Жунусалиева Асел Айткуловна ачып, жаш акындарга чыгармачылык ийгилик каалады. Ал эми Жазуучулар союзунун Жалал-Абад облусундагы бирикмесинин төрайымы Нуркан Койчуманова:

— Бул китеп, баш сөзүндө жазылгандай, элеттеги көр тирилик моюнунан басса да ички сезимдерге бүлүк салып, адамдардын жан дүйнөсүн сергитүүчү ыр саптарын жазган каармандардын ырларын өз окурмандарын табууга мүмкүнчүлүк түзүп берди, — деди.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Абдыкапаровна чыгармачыл адамдарга ийгилик каалап, ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

МУГАЛИМДИН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН ЫР ЖЫЙНАК ЖАРЫК КӨРДҮ

Жолугушууда авторлор ырларын көркөм окуп, обондууларын комуздун коштоосунда аткарып беришти.

Бул китепти чыгарууга акын Бешболуш Матисаков демөөрчүлүк кылып, атылып чыга албай турган булактын көзүн ачты. Демилгечи Кара-Үңкүр айылында эмгектенген мугалим, жаш акын Ашира Кулишева болду. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун кезектеги китепке демөөрчүлүк кыларын анын жардамчысы Батыр Балтабаев айтып өттү.

Жолугушуунун аягында Нуркан Койчуманова акимчиликке кайрылып, райондогу таланттардын башын бириктирип, Жазуучулар союзунун Ала-Бука бөлүмүнүн баштапкы уюмун ачып, жетекчиликке Ашира Кулишеваны сунуштап, добушка койду. Катышуучулар бир добуштан колдошту.

 

Камчыбек Камбарбеков.

Бөлүшүү

Комментарийлер