МУГАЛИМДЕРДИН ОТЧЕТТУК ДОКУМЕНТТЕРИН МИНИМАЛДАШТЫРУУ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОП ТҮЗҮЛДҮ
- 22.10.2020
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү Мыйзамынын “Мугалимдердин укуктары жана милдеттери” жөнүндө 29-беренесине ылайык, республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин кесиптик ишмердүүлүгүнө шарт түзүү максатында жумушчу топ түзүлдү.
- Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин милдеттүү отчеттук документин карап чыгуу жана бекитүү боюнча төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлдү:
— Токтомаметов А. Д. – Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, төрага,
— Пак З. А. – Мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси,
— Сатарбаева Т. С. – Чүй облусунун Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы,
— Акматова Г. К. – Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы,
— Дайырбекова Г. М. – «Креатив Таалим» жеке менчик мектебинин директору,
— Сайназаров К. – билим берүү тармагы боюнча эксперт,
— Сагындыкова М. Ж. – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Б. Бейшеналиева атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары,
— Подмарева И. Ф. – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы № 1 А. Айдарбеков атындагы Лебединовка мектеп-гимназиясынын мугалими,
— Омурзакова Жылдыз Тилековна – Чүй облусунун Сокулук районундагы №2 Ново-Павловка мектеп-гимназиясынын орус тили мугалими,
— Айдаралиева К. С. — Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын химия мугалими,
— Орозонова К. – Бишкек шаарындагы №69 орто мектебинин кыргыз тили мугалими.
- Жумушчу топ мугалимдердин окутуу жана тарбиялоо ишмердүүлүгү боюнча милдеттүү отчеттордун тизмесин 2020-жылдын 10-ноябрына чейин иштеп чыгат.
- Мектеп, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы жогорудагы иштелип чыккан тизмени министрликтин буйругу менен бекитип, облустук усулдук борборлордун, институттардын жетекчилерине, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына жеткирилет.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Комментарийлер