МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН ЭСЕПТӨӨ АВТОМАТТАШТЫРЫЛАТ

  • 05.02.2020
  • 0

 Өлкө башчынын “Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы” Жарлыгына ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги 55 райондук билим берүү борборлорунун эсепчилерин беш күндүк окутуудан өткөрөт. Жалпы 208 эсепчи жаңы программага окушат. Биринчи агымда Ысык-Көл жана Баткен облустарынын эсепчилери, т.а. 50гө жакын эсепчилер жаңы программаны өздөштүрүшөт. Февраль айынан тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат.

МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН ЭСЕПТӨӨ АВТОМАТТАШТЫРЫЛАТ

  • Жаңы система — эмгек акынын кол менен эсептөөнү токтотот, бул процессти жеңилдетет, эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу жумшалышын камсыздайт, финансылык тартипти бузуунун көлөмүн кескин төмөндөшүнө шарт түзөт, негизсиз маяна алып жүргөндөр учурларды ачыкка чыгарууга жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачат. Ошондой эле тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат, — дейт министрликтин пресс-катчысы.
  • МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН ЭСЕПТӨӨ АВТОМАТТАШТЫРЫЛАТ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков окутууга келген кызматкерлерди аткарып жаткан жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана эсепчилердин кызматкерлер менен болгон мамилесин жакшыртууга чакырды.

  • Эсепчилердин мугалимдерге жасаган мамилеси боюнча нааразычылыктар бар. Биз азыр министрликтен кызматкерлеринен баштап, жарандар менен мамилени жакшыртуунун аракетиндебиз. Министрликтин педагогдордун коомдогу беделин көтөрүүгө багытталган демилгесин сиздер да улап, сылык-сыпаа кызмат көрсөтүүнү жакшыртууңуздарды талап кылабыз, -деди министр.
  • МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН ЭСЕПТӨӨ АВТОМАТТАШТЫРЫЛАТ

Окутуу-семинары 15-февралга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында өтөт. Он күндүн ичинде бардык облустун эсепчилерин үйрөтүү мерчемделген. Cеминардын соңунда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн бухгалтериясына жалпы 55 компьютер тапшырылат.

Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат, финансылык анализ башкармалыгынын башкы адиси С.Асановдун маалыматына таянсак, мугалимдердин эмгек акыларын эсептөө автоматташтырылып, жең ичинен жеп-ичип жүргөндөргө бөгөт болот.

МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН ЭСЕПТӨӨ АВТОМАТТАШТЫРЫЛАТ

  • Ар бир райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтериясында компьютерлер бар. Мындан сырткары биз 50 районго тең бирден компьютер жаңы программасы менен берүү каралды. Эми эсепчилер ар бир кызматкердин, мугалимдин маалыматын киргизишет. Маселен, ар бир мугалимге сааты боюнча канча каражат чектелди, анын ичинен салыкка, соцфондго канча кармалганы көрүнүп турат. Аягында эсепчилер мугалимдин, кызматкердин алган айлыгы тууралуу көчүрмөсүн  колдоруна берет.  Бул эсепчилердин жумушу жеңилдетилди деп айтып жатышат. Бул бир жагы. Экинчи жагы, Билим берүү жана илим министрлигинин бюджети 28 млрд. сом, ошонун 85%ы  айлык менен соцфондго кетет. Бул долбоордун максаты – бюджеттен берилген акчаны экономдоп жана рационалдуу  пайдаланууну көздөйт. Ар бир бөлүнгөн каражат көзөмөлдө турат.  Дагы бир жагы, айлыкка берилген каражатты эч ким жең ичинен жеп-иче албайт. Биз программага мугалимге бөлүнчү 32 саат чегин коюп койдук. Эгерде дагы бир саат кошуп коелу, 33 саат десе, программа ага жол бербейт. Баарына түшүнүктүү болуш үчүн атайын кат даярдадык, б.а. бир системага түштүк, бул программа Баткенде дагы, Ошто дагы, Нарында дагы бирдей иштейт, — дейт С.Асанов.
  • МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН ЭСЕПТӨӨ АВТОМАТТАШТЫРЫЛАТ
  • МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫН ЭСЕПТӨӨ АВТОМАТТАШТЫРЫЛАТ

Ириде бул долбоор Түп району, Жалал-Абад шаары жана Ысык-Ата районунда пилоттук негизде апробациядан өткөн.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер