«ЖЫЛ МУГАЛИМИ -2025». МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕГИ БААЛАНДЫ
- 22.09.2025
- 0
«Жыл мугалими» республикалык сынактын тест боюнча туру жыйынтыкталып, 25 конкурсант эң жогорку балл алып, кийинки турга аттанышты.

Конкурстун финалдык туруна катышкан 112 мугалим Агартуу министрлигинин «Жылдын мыкты мугалими» төш белгиси жана диплом менен сыйланышты. Биринчи турдан эң жогорку балл алган 25 конкурсант экинчи турга жолдомо алышты. Эртең борбор калаадагы №67 , №69 мектептерде мастер-класс боюнча сынак өтөт.


Кара-Кулжа районундагы Б.Мамбетов атындагы орто мектептин директору Төлөнбек Жусуев сынакка эки мугалимин алып келген. Тилекке каршы, бир мугалими 1-турдан эле өтпөй калды. Ал эми кыргыз тили жана адабияты мугалими Айзат Абдыжапар кызы жаштыгына карабай өтө чыгармачыл, изденип иштеген мугалим экенин 1-турда эле тастыктай алды. Ал 2-турга жолдомо алып, кийинки турда дагы алдыга чыгам деген ниетин билдирди.

— Мен орус тилдүү мектепте иштейм. Тесттин суроолору предметке байланыштуу экен. Кырдаалдан чыгуу боюнча кызыктуу суроолор келди. Мен адабияттын теориясынан келген суроолорго так жооп бералбай калдым. Мисалы, кантип окутушубуз керек, кептин сүрөттөөсүн окутуп жатканда эссе жаздырууда эмнеге көңүл бурушубуз керек, балдардын компетенттүүлүгүн кантип өстүрүшүбуз керек деген суроолор болду. Биз билбей калган суроолор болгон жок. Ар бир суроого берилген варианттары окшоштой сезилет экен.
Конкурсант иштеген мектептин жетекчисинин айтуусуна караганда, сынакка келген эки мугалим тең райондук, облустук турдан мыкты деп табылган.

— Чындыгында эле экөө тең мыктылар. Заманбап мугалим десек болот. Жаңыча иштешет. Биздин мектепте 1600 окуучуга 69 мугалим билим берет, анын ичинен 30-40%ы жаш адистерден турат. 12 жылдыкка былтыртан бери даярданып келдик. Ар бир жасалган реформа кыйынчылык менен ишке ашат. Моюнга алышыбыз керек. Буюрса, 1-2-класска математика окуу китеби жана бардык класстарга англис тилин китебин толук алдык. Мектепке 19 ноутбук келди, мугалимдер сүйүнүп жатышат, — деп кошумчалады директор.
Ошентип, сынактын 1-турунан өтпөй калган мугалимдердин көңүлүн көтөрүү максатында Агартуу министрлиги конкурсанттардын баарына бирдей сыйлык тапшырып, «Сейтек» улуттук борборунун тарбиялануучулары чакан концерттик программаны тартуулашты.
Конкурсанттарга ийгилик!
Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»


Комментарийлер