МУГАЛИМДЕРДЕН АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТТАН ЧЕТТЕТИЛДИ
- 12.09.2025
- 0
Нарын районунун Жер-Көчкү айылындагы Б.Кыязов атындагы орто мектебинин директору Майрамгүл Дайырбекова мугалимдерден акча талап кылганы үчүн кызматтан четтетилди. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендираева маалымат таратты.

Министрдин айтымында, мектеп жетекчиси мугалимдерден комиссия мүчөлөрүн тосуп алуу үчүн 15 миң сомдон акча чогултууну талап кылган. Бул тууралуу маалыматтар мурдараак социалдык тармактар аркылуу жарыяланган.
— Мугалимди кыйнап, бирөөлөрдү сыйлоого акча жыйнаганы — бул мыйзамсыз! Бул мыйзамсыз иши үчүн директор кызматтан четтетилди. Кимге тамак уюштуруп, эмне максатта акча жыйнаганы боюнча териштирүү жүргүзүү үчүн атайын комиссия жөнөтүлдү. Тиешелүү адамдар жоопкерчиликке тартылат, — деди Кендирабева.
Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери уланууда. Агартуу министрлиги мындай учурларга жол бербөө үчүн көзөмөлдү күчөтөрүн билдирди.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер