МУГАЛИМДЕР ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ ДАЯРДООНУН МЕТОДИКАСЫН ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ

  • 18.10.2022
  • 0

 Талас шаарындагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинде Талас районундагы жана шаарындагы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептеринин мугалимдери үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоонун методикасын үйрөтүүгө багытталган окуу курстары башталды. Аталган окуу курстары Билим Тал  коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп жатат.       МУГАЛИМДЕР ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ ДАЯРДООНУН МЕТОДИКАСЫН ҮЙРӨНҮШҮҮДӨОкутуу үч күнгө созулат. Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги бөлүгүн түзгөн кыргыз тили жана математика предметтери боюнча окутуулар жүргүзүлөт. Талас шаарында болуп жаткан окутууга ар бир мектептен жана лицей-комплекстен алдын ала тандалып алынган экиден мугалим катышууда. Ар бир предметтен (математика, кыргыз тили)  36, жалпы 72 мугалим билимин жогорулатууда.

МУГАЛИМДЕР ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ ДАЯРДООНУН МЕТОДИКАСЫН ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ

МУГАЛИМДЕР ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ ДАЯРДООНУН МЕТОДИКАСЫН ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ

МУГАЛИМДЕР ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ ДАЯРДООНУН МЕТОДИКАСЫН ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ

Окутууларды атайын чакыруу менен келген тажрыйбалуу тренерлер жүргүзүүдө.

Бул окутуу мугалимдер үчүн акысыз негизде өтүп жатат. Тренерлердин эмгек акысы, тамак-ашы, транспорттук жана башка уюштурууга байланыштуу болгон бардык чыгымдарды Жогорку Кеңештин  депутаты  Бактыбек Чойбеков  жеке каражаттарынын эсебинен каржылоодо.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер